“Атадан кем уулдардын” бири, аты да, заты да эчак өчкөн “Кыргызстан коммунисттер” партиясын колутугуна кысып алып, баласындай болгон Төрөбаев өзүнүн “Өнүгүүсүнө” аз-маз көз кысып койсо, мандат көзүнөн учуп жаш балача жүгүрүп барып кошулуп алган Искак Масалиев экени элге кеңири белгилүү. Бул адам бир туруп жакшы сүйлөп калат, бир туруп “айнып” ар кайсынын башын айтып калат. Ишке да, “илибой” маселеге да башкача карагысы келип же анысынан майнап чыгара албаган Искак аксакал өткөн жумада 30 миң сом пара менен кармалып, жүрөгү кармап каза тапкан Медициналык академиянын аппарат башчысы Абдыкеримов Гапардын маселеси боюнча УКМКны катуу сындап чыкты. Туура, чекисттерден да азыраак чекилик кеткендир. Бирок, кандай болгон учурда да Гапаровдун пара алганы факты да. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Кыскасы, Масалиевдин басып өткөн жолунда да эл билген жана биле элек “балчыктар” арбын. Арасында кылмыш козгоого жеткире турган мандемдүүлөрү да бар…