Домой Маек Марс САРИЕВ, саясат таануучу: “Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев мандаттарын тапшырса акыйкаттык...

Марс САРИЕВ, саясат таануучу: “Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев мандаттарын тапшырса акыйкаттык болмок”

133

01

— Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу өкмөт башчылык кызматын биротоло өткөрүп берип, башка талапкерлер менен тең укукта шайлоого аттанууну чечти. Ал кишиге премьер-министрлик кызматынан убактылуу эмгек өргүүсүнө кетип, шайлоого катышса деле мыйзам жол бермек. Бирок,  С.Жээнбеков баардык талапкерлерге аламан жарыш алдында бирдей шарт түзүлүүсү керектигин билдирип, демократиянын сыйлаарын көрсөттү. Анын бул кадамы колдоого татыктуубу?

— Эгерде Сооронбай Жээнбеков премьер-министр катары калып, шайлоого барса анда кырдаал курчумак. Көпчүлүк “Сооронбай Жээнбеков шайлоодо административдик ресурсту пайдаланат” деп кыйкырып чыгышмак. Мына ал киши мыйзамды, демократияны сыйлап, кызматын өткөрүп берген соң кырдаал тынчый түштү.

— Ошол эле кезде парламенттеги эки бакыйган фракция лидерлери, президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев Сооронбай Жээнбеков сындуу кызматтарынан кетип, мандаттарын тапшырса болот беле? Башка талапкерлерге үлгү болушуп…

brand name cialis overnight. — Албетте, эки бакыйган эл өкүлү мандаттарын тапшырышса абдан жакшы болмок. Бирок, бул эки эл өкүлү мандаттарын тапшырышпайт. Мандаттарын тапшыра турушкан болсо экөөнүн тең ресурстары, рейтингдери абдан төмөндөп, түшүп кетмек. Анткени, аз да болсо бул экөө парламентте отурганда электоратты топтогонго, айрым рычагдарды колдонуу ресурстары калат дегендей.