Интернет булактарына “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен К. Бакиевдин доорунда ИИМдин орун басарлык кызматын ээлеп келген Шеркозиджан Мирзакаримов экөөнүн телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиотасмасы тарады.
axon drugs tadalafil. Андагы сүйлөшүүдө Б. Төрөбаев өзү Ш. Мирзакаримовго телефон чалып, анын Жалал-Абадда же Ошто экенин сурап, анан “Азыр бул жерде кичине, тиги акаларымды, аваларымды чакырып бир бата алып коеюн дегем узкий кругда” дейт. Анда Ш. Мирзакаримов мындай деп атпайбы: “Эй биз сизге тээ Курманбек Салиевич кеткенде эле бата бергенбиз, иши кылып ордуна орун басары болуп калат Кудай буюрса деп, өмүрү окшобосун, баскан жолу окшобосун, башка жагы окшосун деп”, — деп атпайбы.
Мындай “батага” Бакыт мырза аябай ыраазы болуп, рахматын кат-каттап берип алыптыр. Ошондо Бакыт Төрөбаевдин ой-максаты канкор К. Бакиевдин ордун басыш керек болуп аткан турбайбы? Ага ошондо тигил Ш. Мирзакаримовдун берген “батасы” боюнча К. Бакиевдей болуп узак жылдык тажрыйба топтобой эле түз президенттике жет, анан К. Бакиевдей болуп элди ат деген маани болуп калып атабы?
Буга чейин эле биз Б. Төрөбаевдин кимдир-бирөө менен телефондон сүйлөшүп, «2010-жылы Бакиевдерди Оштон кубалаган ушул Сооронбайлар болгон, эми өч ала турган убакыт келди», — деп сүйлөп атканын укканбыз.
Эмнеси болсо да өз элине ок аткан К. Бакиевдей болгусу келип аткан Б. Төрөбаевдин жүзү ачылып калды.