Домой Саясат Марат Казакпаев: Акыйкат шайлоо деп акцияга чогулгандар добуш сатып алуу маселесин көтөрсө...

Марат Казакпаев: Акыйкат шайлоо деп акцияга чогулгандар добуш сатып алуу маселесин көтөрсө акыйкаттуу болмок

210

B95A6CA7-E67C-4F82-951C-8BC3FCF9E559_cx0_cy12_cw0_w1023_r1_s-1

          Бишкекте “Акыйкат шайлоо үчүн” деген ураанга жамынган бир катар активисттер чогулуп, бийликти бир тараптуу айыптаган билдирүүлөр менен жыйын курду. Бирок алар административдик ресурска гана каршы экенин билдирип, добуштарды сатып алуу тууралуу үн ката албады. Анан кантип акыйкаттык тууралуу кеп кылабыз?

          Активисттер ушундай акция уюштургандан кийин эң кооптуу болуп турган добуш сатып алууга да каршы пикирлерин билдирсе болмок. Анткени азыркы учурда Ѳ.Бабанов жана Б.Төрөбаев тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алып, акча таратмайы кооптуу болуп жатат. Аны тастыктаган тасмалар да тароодо.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Буга чейин Башкы прокурор менен шайлоону өткөрүү боюнча штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Темир Жумкадыровду кабыл алып тиешелүү тапшырмаларды берди. Андыктан административдик ресурска жол берилбейт, анча-мынча чиновниктер колдонгону менен ал жардам деле бербейт.

          Бул акцияга катышкандар эмне үчүн добуш сатып алуу маселесин көтөрбөй жатат деп ойлойсуз?

          Бул эми баары үчүн кызыктуу болуп жатса керек. Мүмкүн артында турган күчтөр ушундай тапшырма бергендир. Ошентсе да алар добуш сатып алуу маселесин да көтөрсө акыйкаттуу болмок.