Домой Коом “Ала таяк” тоcпойт, бирок жол кайгуул милиция болот

“Ала таяк” тоcпойт, бирок жол кайгуул милиция болот

278

Жол көзөмөлдөө кызматы

“Жол көзөмөлдөө кызматынын жоюлушу азыркы мезгилдин талабына туура келет, өнүккөн өлкөлөрдүн баарында эле ошондой. Көзөмөл кылуучу милиция бардык кыймылдарга, анын ичинде жол кыймылына да байкоо жүргүзүп, кажат болсо, тиешелүү  аракетин кылат. Эми жол тоскон көзөмөлчүлөр болбойт” — деди ИИМ министри Мелис Турганбаев. Анын демилгесин колдоп, 4-мартта Темир Сариев Кайгуул күзөт кызматы менен Жол кайгуул кызматын бириктирүү жөнүндө буйрукка кол койду. Өкмөт борбор шаарыбыздын көчөлөрүнө күнү-түнү кайгуулга чыгып, тартип маселесин, жол эрежелеринин бузулушун, транспорт кырсыктарын көзөмөлдөө үчүн 100 автоунаа бөлүнөт. Бирок 100 машине Бишкекке эле эмес, Чүйгө да жетет. Бириктирилген кызмат Жол кайгуул милициясынын атайын батальону деп аталып калды.