Домой Саясат Ерлан Алимбаевге Кубат Оторбаев кубанбайт го?

Ерлан Алимбаевге Кубат Оторбаев кубанбайт го?

60

Бакыт Төрөбаев

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын “атасы”, Жогорку Кеңештин депутаты, айтылуу олигархтардын бири Бакыт Төрөбаев 13 депутаты менен парламенттеги көпчү­лүк коалицияга кирип алып, азырынча элдик эмес, өздүк максаттарын ишке ашырууга катуу бел байлап жатканын байкоого болот. Маселен ал, алгач эле Айыл чарба жана мелиорация министрлигине Турдуназир Бекбоев деген өз кишисин алып келди. Турдуназир мырза, азырынча бул иште мүмкүнчүлүгүн көрсөтө элек, демек сын айтпай туралы. Айталы дегенибиз, Төрөбаев эми Ерлан Алимбаев деген жетекчилик тажрыйбасы такыр жок, өз партиясынан депутат болуп келген чоң байлардын бири Алтынбек Жунус уулунун жардамчысы Ерлан Алимбаев деген жаш жигитти Кыргыз республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин орун басары кылганы турат. Ар бир эле жетекчи ишти билген, тажрыйбасы бай орун басарлуу болгусу келет эмеспи. Демек, бул жагынан алганда Кубат Оторбаев кубанып деле кетпейт го. Тескерисинче, далайга чейин “сары ооз балапанды” үйрөтүп жүрүп олтурат го.