— “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму башталды. Бирок, айыпталып жаткан тарап бул ишти саясатка байлап жатат. Чын эле Текебаев саясый режимдин курмандыгы болдубу?
— “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана аталган партиянын мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши эч кандай саясатка байланыштуу эмес. Бул кадимки эле кылмыш иши. Бирок, анын адвокаттары, “Ата Мекен” партиясынын башка мүчөлөрү ишти саясатташтырып жатат. Андыктан бул партиянын айтып жаткандары чындыкка туура келбеген нерсе, калп. orderviagrawithprepaiddebitcard.
Текебаев өзү деле бул ишти саясатташтырууда. Чынында ал 2010-жылдан кийин ушунча жыл оппозицияда болдум, эми баарын жасай берсем болот деп ойлоп калган. Убактылуу өкмөт менен бийликке келгенде ушундай иштерди жасаган. Азыр болсо анда саясий репрессия дегенден башка жолу жок.
— Текебаевдин адвокаттары болсо иш менен таанышуу үчүн убакыт сурап жатат. Чын эле аларга иш менен таанышууга мүмүнчүлүк болбодубу?
— Текебаев жана анын адвокаттарында иш менен таанышуу үчүн убактылары кенен болду. Ал муну шылтоо кылып процессти кечеңдетүүгө аракет кылып жатат. Менин оюмча бул иш аягына чыгышы керек. Укук коргоо органдары деле кылмышты тастыктаган жагдайларды жыйнап койгон болушу керек.