Домой Коом Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнө салды

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнө салды

22
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын Саясий кеңеши билдирди.
Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак. Апа көптөн бери ооруп жаткан.
“Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз”, – деп айтылат маалыматта.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында өтөт.