Талибандар менен келишим түзүп, кызматташышыбыз керек. Мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
«Кыргызстан бейрасмий түрдө талибандардын бийлигин тааныды. Аны Таалантбек Масадыковдун президенттин тапшырмасы менен гуманитардык жардам көрсөтүп келгени далилдеп турат.
Биз тажик эли менен ынтымак болушубуз керек. Бирок тажик президенти Эмомали Рахмондун жүргүзгөн терс саясатын чектөө үчүн талибандар менен кызматташуубуз зарыл»,- деди Текебаев.