28-декабрда Бишкекте белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер «Парламентаризм кечесинде» жолукту. Бул иш-чарада “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентаризм жолунан тайбаш керектигин, диктатура мамлекетти сазга батыра турганын билдирди.
“Бизге парламенттик башкаруу гана ылайыктуу. Эгер авторитардык бийлик болгондо өлүм жазасы кирип, 2013-жылы Ташиев, Жапаров, Мамытовдор атылып кетмек. Аларга өтө оор беренелер менен кылмыш иши козголгон. Буга ал жол ачмак”, — дейт ал.
булак: media-center.kg