Домой Коом Текебаевдин соту чыныгы шылуундук, аны өздөрү саясатташтырып жатат

Текебаевдин соту чыныгы шылуундук, аны өздөрү саясатташтырып жатат

54

    offshore celebrex. 1366198394_77955300 Алдамчылык жолу менен россиялык ишкерден 1 млн. доллар алды деген шек менен камакка алынган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соту башталды. Сот отурумунда Текебаев жана анын жактоочулары ишти саясый куугунтук катары баалап, окуянын жүрүшүн болушунча саясатташтырып жатат. Айрым “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү отурумду интернет аркылуу түз эфирге алып чыгып, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратууда. Алардын эки сөзүнүн бири эле “Текебаев» саясый негизде жоопко тарталып жатат” болууда. Бирок, чыныдыгында андай эмес.

Биринчиден, Өмүрбек Текебеав 2010-жылы россиялык ишкер Леонид Маевскийдин башын айлантып 1 млн. доллар алганын орус ишкери айтып чыккан. Бул саясый эмес,  алдамчылык, шылуундук иш. Кыргызстандын укук коргоо органдары жапа чеккен россиялык ишкердин арызынын негизинде гана иш козгоп, Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду камап, 2010-жылда Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган дагы бир “ата мекенчи” Шералы Абдылдаевге издөө жарыяланды.

Экинчиден, Текебаевдин адвокаттары сотту болушунча создуктурууга аракет кылып, эптеп аны президенттик шайлоого катыштырууга далбастап жатат. 5-июндагы сот отурумунда да анын юристтери 2 жума убакыт сурап, иш менен таанышып алууну шылтоолоду. Булардын максаты бир эле. Ал эптеп 15-июлга чейин сотту созуп, Текебеавди президенттик шайлоо үчүн талапкер катары тизмеге киргизүү. Өмүрбек Чиркешовичтин шайлоодо тиешелүү добуш ала албай турганын адвокаттар деле билет. Болгону алар 4-5 ай өз лидерин жоопкерчиликтен сактап турууну көздөөдө. Анткени, шайлоого расмий катталган жаран жоопко тартылбайт. сот иши убактылуу токтотулат. Булардын көздөгөнү эле ушул. Эгер Текебаев таза болгондо сот ишин тездетип, конкреттүү фактылар менен акталып чыкмак.

Кыргыз журтчулугу баарына көз салып турат. Текебаев тууралуу пикир коомчулукта бир кылка эмес. Аны колдогондорго караганда, кол шилтегендер басымдуу. Муну митингдеги элдин санынан деле байкаса болот. Ошондуктан сот отурумун тездетип, бул ишке эртерээк чекит коюш керек. Бул элдин талабы.