“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берилген Жогорку Кеңеш депутатынын мандатын кайтарып алуу тууралуу административдик соттун чечими 15-декабрда Бишкек шаардык сотунда каралышы керек эле. Бул күнү сот жараяны даттануучу Темирлан Ормуковдун ооруп калганына байланыштуу 25-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу Ормуков өзү “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы ырастады.
23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген негиз келтирген.
Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат.
булак: eldik.media