— “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталып, ал 8-июнга жылдырылды. 5-июнда өткөн отурумда бул ишти Өмүрбек Чиркешович саясатка байланыштырды. 1 млн. доллар пара алды деп айыпталып жаткан Текебаевдин ишин саясатка байлоо канчалык негиздүү деп ойлойсуз?
— Өмүрбек Текебаевге коюлуп жаткан берене чыныгы кылмыш ишине кирет. Аны эч качан саясатташтырбаш керек. Бул саясый кылмышка жакындабайт деле. Анын үстүнө аталган “Алдамчылык” беренеси паракорчулук, кызмат абалы менен байланышып жатат. Текебаев азыр кандай актанса да анын укугу. Өзүн актоо үчүн болушунча ар кандай ыкмаларды колдонот. Өмүрбек Чиркешовичтин буга чейин курулай гана билдирүүлөрүн угуп келебиз. Курулай гана сөздөр болбосо, башка конкреттүү эч нерсе айта элек. Элдин баары Текебаевдин күнөөсүз экенин тастыктаган фактыны күтүп жатат.
— Текебаев иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк болбогонун айтып, аны май майрамдарына шылтады. Тергөө абагында жаткан адамга майрамдар кантип тоскооло болот? cialis coupons for pharmacy.
— Иш менен таанышууга кенен убакыт болду. Эми УКМКнын тергөө абагында жаткан адамдын май майрамдарын шылтоологону бир четинен кызык. Ал эми курортто жатат беле. Ошентсе да, Текебаев өзү иштин тездетилишине кызыктар болушу керек. УКМК билдиргендей Текебаевде иш менен таанышуу боюнча мүмкүнчүлүк толугу менен болгон. Ошентсе да соттолуучу майрамдарга шылтоолоп жатат. Бул туура эмес. Текебаевдин талапкерлигин күзүндө өтө турган шайлоого каттатып, жоопкерчиликтен качуу аракетин көрүп жатат. Коомчулук деле буга көз салып турат.