Домой Аналитика Марат Казакпаев эки айга камакка алынды

Марат Казакпаев эки айга камакка алынды

73

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, бүгүн ал УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Казакпаев Кылмыш-жаза жобосунун 307-беренесинин биринчи бөлүгү (мамлекетке чыккынчылык кылуу) боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кечээ күнү кечинде кармалган.

Ошондой эле мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурунку башчысы Марат Токтоучиков кармалган. Ал дагы эки айга камакка алынды.