«Манас» аэропортунда жалпы наркы 4 миллион сомдон ашык баалуу зер буюмдарды контрабандалык алып өтүүсүнө бөгөт коюлду.
«Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын 6-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, «Манас» аэропортунун аэробекеттик комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлгө алуунун алкагында Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган.
2023-жылдын 23-февралында саат болжол менен саат 03:00 Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен келе жаткан «Turkish airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жатканда Өзбекстан Республикасынын эки жараны «К.С.Ш.» жана «Т.С.А.» жалпы салмагы 1040 кг алтын зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.
Кармалган алтын зер буюмдардын орточо базар баасы 4 264 369 сомду түзгөн. Мамлекетке жалпысынан 950 614 сом зыян келтирилген.
Фактылар КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.