Координатору кадимки батышчыл саясатчы Равшан Жээнбеков болгон «Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылы президент Алмазбек Атамбаевге эскертүү берүүсүн талап кылып, Баш прокуратура менен БШКга кайрылыптыр. Алардын бул кайрылуусуна мамлекет башчысынын 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзү себеп болуптур.
Башкача айтканда алардын дооматы боюнча, А. Атамбаев президенттик шайлоого катышып аткан талапкерлердин бири Ө. Бабановду коркутуп, дагы бирин колдоого алыптыр. Бирок, реалдуулукта андай эмес экендигин айтып коюшубуз керек. Себеби, мамлекет башчысы мында Ө. Бабановдун өз алдынча эле «токуп алган» 65%ына жооп иретинде кадыр-барктуу социологиялык компаниялардын жүргүзгөн сурамжылоолорунун негизинде чыккан жыйынтыкты гана мисалга келтирген. Эгерде Бабанов өзүнүн рейтингин оюнан чыгарып «65%» дебегенде, балким президент А. Атамбаев деле бул компаниялардын рейтингин айтмак эмес.
Экинчиден, мамлекет башчысы А. Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин өлкөбүздөн ууру-кескилерди, коррупционерлерди тазалай тургандыгын билдирди. Мунун эмнеси жаман? Же бул билдирүү арты таза эмес Равшан Жээнбековдун да тынчын алып атабы? Акаев маалында Маммүлктү жетектеп туруп 342 мамлекеттик обьектини текейден арзан баада менчиктешитирип жибергенин билебиз. Балким ошол былык иштерим эми ачыкталып калбасын деп коркуп аткандыр. Өздөрүнүн былыгынын ачыкка чыгышынан коркуп эле, мамлекет башчысынын сөзүнө асыла бергенде болобу?
Же «ысытылган темир» менен көчүгүнө басыла турган «штамптан» алдын-ала сактанып, Бабановдун колтугуна коргологону турубу?