Домой Саясат Равшан Жээнбеков бешинчи жолу сурак берип чыкты

Равшан Жээнбеков бешинчи жолу сурак берип чыкты

108

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда аскерлердин барымтага алынышы боюнча күбө катары бешинчи жолу сурак берип чыкты. Саясатчы тергөөнүн суроолору жана басым азайганы билингенин “Азаттыкка” билдирди.

Равшан Жээнбеков буга чейин Кой-Таштагы окуялар боюнча маалымат каражаттарына чыккан видеоматериалдарды тергөөгө өткөрүп берген.

Равшан Жээнбеков 7-8-августта Кой-Ташта аскерлердин барымтага алынышына байланыштуу Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча («Барымтага алуу») 48 саатка камалышы ыктымал экенин 15-августта айткан. Кийин ал камалган эмес жана күбө катары суралып чыккан.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычев барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштуруу боюнча шектүү катары 8-октябрга чейин камакка алынган.