Бүгүн, 12-октябрда УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталуу үчүн БШКнын имаратына алынып келинди.
Саясатчы Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер болууга арыз тапшырды.
Эскерте кетсек, саясатчы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган.
Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет.