Домой Коом Таластан тѳлгѳ: №9 аргымак байгени алып, №6 ат казакка качты

Таластан тѳлгѳ: №9 аргымак байгени алып, №6 ат казакка качты

145

1

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков түз сүйлөп, түз жүргөн кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири. Ошол эле учурда өсүп-өнгөн Талас жергесине ар кандай учурларда колдоо көрсөтүп, дайыма эл арасында жүргөнүн көрөсүӊ.7-октябрда Таластын Кара-Буура районунун ат майданында райондун жашоочуларына мурда убада кылган ат оюндарын уюштуруп берди. Ар түрдүү кымбат баалуу байгелерди сайып элдин көӊүлүн көтөрдү.

 Тамашанын баары аламан байге ат чабышка келгенде болду. №9 аргымак чыккан жерде эле бөлүнүп, анын артынан №6 күлүк ашуучудай такымдап келаткан. 22 чакырымга чабылган аттар марага 500 метрдей калганда, ашуучудай такымдап келаткан №6 күлүк мант берип, казак тарапты көздөй тескери кетти. Баш байгени №9 аргымак алып кетти. Ал эми марага чукул калганда казакты көздөй бурулуп качкан күлүк албетте, байгеге илинген жок.

Буга күбө болгон көптү көргөн карыялар: “Бул бекеринен болгон жок, бирдеменин жышааны. Сооронбай Жээнбековдун катар номери – 9, Өмүрбек Бабановдуку – алты. Демек, шайлоодо Сооронбай Жээнбеков алдыга келип, ага удаалаш келаткан Өмүрбек Бабанов шайлоодо жыдыйт окшойт. Тиги ат деле казак тарапка качпадыбы. Бул деле ошол жакка оогону калган го”, —  дешиптир… Аксакалы жайкалган карылар ушинтип жоруп атыры, эми калганын 15-октябрдын кечинде кѳрѳбүз да…    elavil75.