Домой Аналитика Алмазбек Атамбаевдин абалын билүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады

Алмазбек Атамбаевдин абалын билүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады

224

Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынын абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Анын айтымына караганда, Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иштери 2019-жылдын август айында экспертиза соңуна чыкканга чейин токтотулган.

Жолдубаева ошондой эле бүгүнкү жыйынга соттолуучу Равшан Жээнбеков келбегенин белгиледи. Анын жактоочулары экс-депутат коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген маалымкат беришкен.

Биринчи май райондук соту соттук териштирүү иштери токтотулуп, экспертиза дайындалганын ырастады.

Алмазбек Атамбаев учурда ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 түзөтүүчү колонияда дарыланып жатат.