Домой Коом Кызалаковдун өзү да, кыздары да алдамчылык менен оокат кылышабы?

Кызалаковдун өзү да, кыздары да алдамчылык менен оокат кылышабы?

1013

Өткөн жылдын этегинде гезитибизге “Кызалаковдун кыздарынын кызыктары” жана «Аферист аялдар абакта жатыш керек» деген аталыштагы макалалар жарык көргөн. Уландысына журналисттик иликтөө жүргүзүп, баарын тактап туруп жазарыбызды окурмандардын эсине салганбыз.

Турдумамбет Кызалаков

Алгач жазылган макалаларга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү үчүн, ал макаланын урунттуу жерлерин окурмандардын эсине сала кетпесек болбойт.  Анда Короолуев Бакыттын аферист аялдардын, тактап айтканда,10 жылга жакын бирге түтүн булатып, эки балалуу болушкан аялы менен кайын эжелеринин тузагына илинип, ак эмгеги менен тапкан бар байлыгынан кол жууп, укук коргоо органдарына кайрылып, адилеттикти издеп жатканы, анан калса кайнатасы Кочкор райондук “Эмгек Туусу”  гезитинин башкы редактору — Турдумамбет Кызалаковдун кыянатчылык иштери тууралуу да сөз болгон. Окурмандардын эсине: бул макалада жазылган окуяларды талапка ылайык далилдер менен тастыктадык жана бардык далил болуп берчү материалдар колубузда. Чычалап соттошобуз дегендер болсо, жолуңар болсун демекчибиз.

Кызалаковго катТурдумамбет аксакалдын кыздарынын аты — Венера жана Айнура Кызалаковалар. Бакыт мырза 2007-жылы анын кичүү кызы Венера менен баш кошот. Бакыт жеке ишкерлик менен алектенип, 2012-жылы өзүнүн ак эмгеги менен дүкөн, машина токтотуучу жайды “Айгюн иншаат” компаниясынан эки жылда акчасын төлөп берүү келишими менен сатып алат. Ал кийим саткан дүкөн Бишкек шаарынын Манас көчөсүндө (№41) жайгашкандыгын да айта кетели. Дүкөндүн акчасын 2014-жылга чейин төлөп бүтүшү керек эле. Бакыт мырза башка жумуштары менен командировкалап сыртка көп чыккандыктан улам, ал дүкөндү акчасын ай сайын төлөп турат деген максат менен аялы Венеранын наамына каттатып коёт. Чынында Бакыт ордо калаанын дал борбордук көчөсүнөн дүкөн сатып алуу үчүн  жакын туугандарынын үйлөрүн саткан экен. Ал эми Бакыттын аялы күйөөсүнүн тапкан-ташыганын өзүнө ыйгаруу менен алек болуп келиптир десек болчудай. Алгач экөө кем-карчы жок, өз оокаттары өздөрүнө толук жетип, ойлогон ойлору ишке ашып, айтор бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толукташат. Бирок, алардын үй-бүлөлүк маселесине Бакыттын кайын эжеси Кызалакова Айнура акырындык менен кийлигише баштайт. Ал күйөөсү менен бир нече жыл мурун ажырашып, башы бош бойдок аялдардын катарын толуктап калыптыр. Күйөөсү мекен сакчылыгында, аскер тармагында ак кызматын кылып жүрүп, автокырсыктан улам мындан эки-үч жыл мурун каза таап калгандыгын да айта кетүү зарыл, себеби бул маалыматтар да окуянын жүрүшүндө Айнуранын алдамчылык жүзүн ачып бермекчи.

Кызалакова Айнура Бакыттын эжеси менен Түркияда 2012-2013-жылдары 11 ай иштеп келет. Келген соң, кайрадан эле күйөө баласы менен сиңдисинин бизнесине кийлигишип, Бакыттын дүкөнүндө айлыкка иштеп баштайт. Ошол жылдын май айларында “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” дегендей, экөө кер-мур айтышып кетет. Венера эки баласын ээрчитип алып, эжелери Айнура менен Чынарага арызданып барат. Ошол учурда үчөө күйөө баласынан өч алуу максатында, “Айгюн иншаат” компаниясынын кожоюнуна барышып, аларды көндүрүшүп, “Бакыттын макулдук берген катын да алып келип беребиз” деп алдашып, акыры Венеранын наамындагы Манас көчөсүндөгү кийим саткан чоң дүкөндү Айнуранын наамына котортуп жаздырып алышат. Айнура дароо кымыңдаган бойдон Мамлекеттик каттоо кызматына барып, дүкөндү өз наамына каттатып, мыйзамдаштырып алат. Бул эми алдамчылыктын жеткен чеги эмеспи. Мындан тышкары,

Венера күйөөсүнө бирди көрсөтмөкчү болуп эжеси иштеп жаткан дүкөнгө келип, сейфти (ачкычтын дубликатын Бакытка көрсөтпөй эчак эле жасатып алган экен) ачат да, ал жердеги жарымы доллар, жарымы сом менен сакталып турган 20 миң доллар акчаны алышып, кумарланып санай башташат. Ал учурда Бакыт дүкөнгө келип калат. Бирок аны аялы чыйпылыктап негедир дүкөндүн ичине киргизбейт, ошол учурда Айнура баштыкта оролуп турган жердеги бир буюм сындуу нерсени буту менен нары көздөй тээп жибергенин байкайт. Бакыт ошол жерден бир нерсени шекшип, сейфти караса ачылып калган болот, ичинде акча жок. Венерадан: “Акчамды бер, ал акча жумушумдун акчасы” деп кыйкырып, издеп баштаганы менен менен алар тоготпойт.

Бирок Бакыт баягы бут менен тебилген буюмду эстей коюп, аны таап алат. Ал чын эле сейфтеги 20 миң доллар экен. Бул чоң акчанын чоо-жайын мурун кенен жазгандыктан, азыр ага токтолбой эле коёлу.

Бул эле эмес, Кызалаковалардын дагы бир адамкерчиликке жатпаган ыплас иштери да бар. Анысы мындай: Венера күйөөсү экөө жашаган Жал кичи районундагы эки бөлмөлүү батиринин документтерин алып, эжесинин наамына каттатып жаткан учурда, аны Бакыт кокустан билип калып, анын тилегин ташка каптырып, токтотуп калат. Каттап жаткан адамдар да кызык, Венерадан «күйөөңдүн” макулдугу керек» деп бир ооз сурап коюшпайбы. Балким акча берип алдоо ыкмасына салгандыр.

Ак көңүл Бакыт айласы кетип, Кызалаковаларга кайрылып: “Макул дүкөндү өз наамыңарга каттатып алыпсыңар. Бул туура эмес. Чыр-чатакты тынч чечүү үчүн дүкөндү теңге бөлүп, Венера экөөбүздүн балабызга каттатып коёлу” деген шарт коёт. Алар буга да макул болушпайт. Жакшы сунушка макул болушпаган соң, Бакыт сотко кайрылат.

 

Сот отуруму сегизинчи ирет болду

 Кызалаковаларга соттон чакыруу келген соң, көп өтпөй Бакытты кайын атасы Кызалаков Турдумамбет Туңгуч кичи районуна чакырат. Оюнда жаман жок, атасы калыстык кылып, кыздарын тыят деген той менен шашып жетип барса, кайын атасы каарын төгүп: “Кыздарыма жолобо, бизнестерин талашпа, болбосо бирди көрөсүң, сага үч күн убакыт берем,арыздарыңды ал, болбосо жумушуңа жана башка жерлерге биз да арыз жазып, жамандайбыз”-деген кыязда көп сөздөрдү айтып, коркутууга өтөт. Ал жерден шаабайы сууп чыккан Бакыт дүкөнгө келип, паспорт ж.б. керектүү буюмдарын алуу үчүн ичине кире албай коёт.

Жакында эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Венера Кызалакованын изине чөп салып жүрүшүп, акыры кармашкан. Бирок эмнегедир камашкан жок. Алдамчы артист кишиге айла жок турбайбы, Венера милициялардын өзүн кармоо учурун телефонго тартып алып, аны УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Фейсбуктагы баракчасына, blive.kg сайтына жарыялаптыр.

Ал тасмада Венера Президент Алмазбек Атамбаевдин толук аты-жөнүн да туура эмес айтып, Кудайга жалынып, укмуштуудай артист болуп жатканын көрүүгө болот. “Урматтуу Алмазбек Шаршенбаевич суранам сизден, тергөөчү Өмүркалый мага туура эмес иш козгоду. Ушуну токтотуңуз, Кудай бар болсоң ушуну токтот, мага жашоо бербей коюшту, мен бул жерден кетишим керек, же өлүшүм керек ”- деген акылга сыйбаган сөздөрдү айтып, тубаса талантуу артист экенин анык көрсөтүптүр. Кылгылыктын баарын кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми минтип Кудайга анан ажого жалынып жатканына жол болсун. Ал тасманы көргөн адамдардын көпчүлүгү Венеранын артист болуп жатканын билишип, анын дарегине жаман пикирлерди калтырышканын байкоого болот. Ажаандыгы ашынган Венера өзүн кармоо операциясын кылмыштуу иш, ошол тергөөчүүгө кылмыш козгогула деп, ИИМге арыз жазыптыр. ИИМ анын мындай акылга сыйбаган арызын четке каккан. Себеби, ал жерде эч кандай кылмыштын белгилери болгон эместигин жүйө келтирешет.

Ал эми Айнура Кызалакова болсо, айыбы ачылып, өзү алдамчылык жол менен ээлик кылып алган мүлктөрү күйөө баласы Королуев Бакыттыкы экени укук коргоо органдарынын текшерүүсүндө аныкталган соң, кылмыш жоопкерчилигинен качуу иретинде милицияга ар кайсынын башын чаргытып айтып жатыптыр. Мисалы, ал: “бул дүкөн өзүмдүкү, күйөөм мага чоң акча таштап кеткен. Экөөбүз 1990-жылдардын башында Кытайдан товар алып келип соода кылчубуз”- деп болбогон кепти айтат. Тергөөчүлөр деле аңкоо эмес да, анын айткандарын текшеришет. Натыйжада Кызалакова Айнуранын маркум күйөөсүнүн ата-энесинен толук маалыматты алышат. Алардын айтымында: уул-келини эч качан соода иши менен алек болушкан эмес. Кытайга да барышкан эмес. Айнуранын маркум күйөөсү аскер адамы болгон. Алдамчы Айнуранын ушинтип калпы чыгат. Ал учурда тергөөчүлөргө: “дүкөндү кайра күйөө балама мурунку калыбында өткөрүп берем” деген мааниде түшүнүк кат жазып бергени менен сот иши дагы деле уланып жатат. Жакында эле сот отуруму 8-ирет болуп өттү.

Кызалакова Айнура илгери эле иштеген жерин кууратып жүргөн неме экенин аны билгендер редакцияга кат жазып жатышат. Кочкордон шаарга кантип жер которуп келип калгандыгы боюнча учкай кеп таштасак. Айнура жашыраак чагында атасынын аркасы менен райондун борбору Кочкор айылындагы Капар Кадыралиев атындагы орто мектепке «завуч» болуп орношот. Ал жерден көп өтпөй «өздүк» өнөрлөрүн көргөзө баштайт. Бир ирет Асангазиева деген окуучу кызды мектеп ичинен башка, көзгө койгулап, катуу түртүп жибергенден улам, ал кыз бутун кокустатып алат. Кыздын энеси мектептин ошол кездеги директору Г. Сатаровага кайрылса, ал эч нерсе болбогондой, окуяны кадыресе көрүнүш катары кабылдап коёт. Көрсө, Айнуранын атасы эчак эле мектеп директорун баш калгандарын төш кылып, айтор баарын жайгарып койгон дешет. Бирок бул окуядан киийн жабыр тарткан окуучу кыздын апасы менен урушат, кылган күнөөсүн эч бир мойнуна албай, «кыздын апасы мени катуу түртүп салды» деген шылтоо менен. Кайрадан атасынын «жардамы» менен ак халатчандардан справка жаздырып алып, кыздын энесинен 50 миң сом талап кылган экен. Күнөөсү жок эне, ал акчаны берген эместиги айтылат. Жыйынтыгында, ал мектепке батпай калган Кызалакова Кочкордогу И. Арабаев атындагы мектепке которулуп кетет. Ал жерден да орун-очок ала албай, Бишкекке келип, жогоруда баяндаган былктуу иштердин ичинен чыгып жаткан кербези экен…

Ушундай алдым-жуттум кыздардын атасы Турдумамбет Кызалаков учурда жетимишти желкелеп турат. Ал дагы адамкерчиликке жатпаган, мамлекетке зыян келтирген терс иштерден алыс эмес экенин гезиттин мурунку сандарында эле жазгабыз. Эми ошону кайрадан эске салып, дагы бир аз «жаңылыктар» менен кошумчалап коёлу. Кызгың түшкүр Кызалаков 6-7 жылдан бери Кочкор райондук “Эмгек Туусу” гезитинин башкы редактору болуп келет. Анын былтыр гезитте эч кандай иштебеген Канатбек кызы Жылдыз дегенди ишке жасалма орноштуруп коюп, жыйынтыгында анын атынан бир жылда 80 миң сом алып, сол чөнтөккө сологон окуясы ачыкка чыккан. Бул боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоп, учурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы териштирүү жүргүзүп жатат. Бирок Кызалаков деген неме ал 80 миң сомго редакцияга керектүү буюмдарды алганбыз деп актануу менен алек. Буга эч кандай далили да жок. Райондук гезит Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу болгондуктан, бул чатактуу маселе боюнча аталган министрлик да тиешелүү чараларды көрүп жатат. Анын бир мисалы катары береги Кызалаковдун наамына жазылган катты айтсак болот. Ал катта Кызалаков Турдумамбет 70тен ашып калса да, кол алдындагы кыз жаш жигиттен бетер  тийишип, анын айынан ал кыз жумуштан кетүүгө аргасыз болгону айтылат. Андан тышкары да, гезиттеги кемчиликтер жазылып, бул иштер боюнча түшүнүк кат жазып берүүсү талап кылынган. Негизи  Кызалаковду жакындан билгендер анын ар кандай ишке аралашып, ортомчулук кылуу боюнча «мастер» дешет. Анын колдо бар кызык окуяларын жазсак гезит бети чак келбес.

Азамат Кангелдиев