Бул партия башка жер калбай калгансып Кочкор районунун Жаӊы-Жол айылынын (Бишкек-Кочкордун негизги чоӊ жолунун) жээгиндеги күмбөздөрдүн жанындагы мамычага бир-эки күн мурун чоӊ баннер илишкен экен. Албетте, партияны айга-күнгө теӊеген маанидеги сөздөр менен…Анан Кочкордон чыгып жаткан талапкерлер Айбек Алимжанов, Майрам Байтерекова жана партия лидерлеринин сүрөттөрү чагылдырылган. Бирок ал баннер илингенден көп өтпөй жерге салаӊдап, кулаган… Кызыгы, шамал деле болбогондугу айтылган. Негизи эле бул партиянын күмбөздөрдүн арасына баннерлерди илгени канчалык деӊгээлде акылга сыят? Же “кыргызстанчылар” арбактарга да агитация кылалы дешкенби? Же бул мансапкорлор өздөрүн арбактардан да бийик коюп, кутуруп жатышабы? Эмнеси болсо да, акчага көпкөндөр жакын арада бир көргүлүктү көргөнү калышты…
Булак: Багыт гезити