Акыркы учурда тери ооруларынын түрлөрү көбөйүп, тери ооруларынан жабыр тарткандардын саны арбып келүүдө. Айрыкча тери оорулары мезгил алмашкан маалда күчөйт. Тери оорулары — теринин, тырмак, чач, түк жана көрүнүп турган былжыр челдин бузулушу менен мүнөздөлгөн оорулар тобу. Тери оорулары көп учурда жалпы организмдин оорулары менен тыгыз байланышта болуп, нерв системасынын, ички органдардын, кан жана башкалардын оору процесстеринин териде көрүнүшү болуп эсептелет.
Ал теринин түзүлүш өзгөчөлүгүнө, функциясынын көп түрдүүлүгүнө жана ага таасир этүүчү ички жана сырткы факторлорго байланыштуу. Алар дерматоздор деп аталып, 2000дей түрү белгилүү. Физикалык жана химиялык дүүлүктүргүчтөр сыяктуу сырткы факторлор терини сезгентип, дерматиттерди пайда кылат. Анын ичинен өйкөлүү, күйүк көп жолугат. Кээ бир тери оорулары биологиялык факторлордун таасиринен болот. Аларга мите козу карындар пайда кылуучу микоздор, бактерияларды чакыруучу теринин ириңдүү жаралары, мителер жана вирустар пайда кылуучу котур, сөөл жана башкалар кирет.
Витаминдин жетишсиздиги тери ооруларын пайда кылат
Организмдеги инфекция очогу, ички органдардын оорулары тери ооруларына түрткү берүүчү ички фактор болуп эсептелет. Алар териге аллергия сыяктуу таасир этип, бөрү жатыш, экзема түрүндө билинет. Белок, углевод жана май алмашуунун бузулушу, витамин жетишсиздиги тери ооруларынын пайда болушунда маанилүү роль ойнойт. Бир катар тери оорулары нерв, эндокрин системасынын ишинин бузулушуна жараша болот. Бардык факторлор теринин сезгенүүнү, кан куюлууну, катууланууну, пигментацияны, теринин азыктануусунун бузулушун жана башкалар патологиялык процесстерди пайда кылат. Мунун натыйжасында кызыл бүдүрлөр, ар кандай формадагы жана түстөгү тактар пайда болот. Булар бүт денеге же анын айрым бөлүгүнө, чачтын арасына, теринин бүктөлгөн жерине жана башка жактарга чыгат
Бут кийим тандоо да чоӊ мааниге ээ
Кытайдын бут кийимдери, тамак-аштары чоң таасирин тийгизип жатат. Совет убагында ортопедиялык жактан туура бут кийим тандоо чоң мааниге ээ эле. Азыр балдардын көпчүлүгү май таман. Улуу эле адамдар тар же дем албаган начар бут кийимдерди кийип жатышат. Бирок, дал ушул нерселерден ооруга чалдыгып жатканын билишпейт. Жер менен жер болгон жапыз бут кийимдер да сөөлдү пайда кылат. Андыктан, бут кийимди туура тандашыбыз зарыл. Азыркы тапта иммунитеттин начарлашы да сөөл оорусун жаратууда. Сөөл- бул онкологиялык оору. Сөөлдү тытып, кесип, күйгүзүүгө болбойт. Аны өз алдынча дарылоого да мүмкүн эмес. Өзгөчө “грибок” оорусу көпчүлүктү түйшөлтөт. Анткени, бири-биринин тапичкелерин кийип жүрө беришет. “Грибок” оорусу жугуштуу оорулардын катарына кирет.
Туура эмес тамактануу тери ооруларын күчөтөт
Тери ооруларында кызыл, таттуу же өтө ачуу, майлуу жебеш керек. Жаш балдардын баардыгы кириешки, чипсы, кетчуп, колбаса, сосиска жеп, Кытайдын сагыздарын чайнашат, кола ичишет. Мына ушундай туура эмес тамактануу да тери ооруларын күчөтөт. Шорпо, ботко, сууга бышкан жумуртка ж.б. ушул сыяктуу туура тамактарды колдонсок, тери оорулары азаят.
Безетки тукум кууй турган оору
Биринчиден безетки тукум кууйт. Экинчиден, организмдеги мите курттардын кесепетинен бул ооруга чалдыккандар көп. Үчүнчүдөн, өзгөчө кыз кишиники гормондордун туура эмес иштешинен келип чыгат. 20-22 жашка чейинкилер өспүрүмдүк безеткилерге кирет. Бирок, аны дагы дарылоо кажет. Туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сүйкөп, айтор өз билгендерин кылышат. Үйдөн туура эмес кам көрүү да безеткинин күчөп кетишине алып келет. Күчөп кеткен безеткиден бет терисинде ар кандай тактар пайда болот. Так калтырбоо үчүн алдын-ала адиске кайрылган оң. Безетки бир күндө айыгып кетчү оору эмес.