Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын тургуну, жеке ишкер Ормон Нурбек уулу айыл аймагына түнкү чырактарды тапшырды.
Жеке ишкер мындан бир ай мурда Кум-Дөбө айылында өткөн бизнес форумда Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынын көчөлөрүн жарыктандырып берүү максатында, айыл өкмөтүнүн башчысы Талгар Талантбек уулу менен меморандумга кол коюшкан.
Ошол убада боюнча жеке ишкер Ормон Нурбек уулу эки айылга жеткидей 340 даана түнкү чырактарды алып келип тапшырды.


