Домой Аналитика Кочкордо жаш кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жаранга, өмүр бою эркинен ажыратуу...

Кочкордо жаш кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жаранга, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыкты

268

Кочкордо чогуу жашап жүргөн келинди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган жаран өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 23-январь күнү саат 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.Б. кайрылып, Тынай-Булак кыштоосунда белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси жатканы боюнча билдирген.

Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда кашардагы үч бөлмөлүү үйдөн 20-25 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган. Ага сыртынан кароо жүргүзгөн маалда күч колдонулуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Ошондой эле ал Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган.

Айрым тургундар жаш келин ур-токмокко алынып, атка сүйрөтүлүп өлтүрүлгөнүн айтышкан.

Атын атагысы келбеген сарайдын ээси окуя болгон маалда Ысык-Көлдө болгонун билдирди.

«Ушул окуя болгон учурда Көл тарапта болчумун. Бул баланы мага мурунку мал баккан чабан таап берген. Малчы бала Баткен тараптан болот. Менин малымды бага баштаганына 1 айдан ашык убакыт болуп калган. Ошондуктан анын кыял-жоругун билбейт экенмин. Бир жолу чарбачылык боюнча сүйлөшкөнү барып калсам, «ушул кызга үйлөнүп жатам» деп айткан. Ал эми келинчегин сыртынан эле көргөм», — деди ал.

Бул факт Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында булар аныкталган: Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.И. аталган сарайда малчы катары иштеп жүргөн. Ушул жылдын 20-январь күнү мас абалында өзү менен менен чогуу жашаган К.К.ны ур-токмокко алып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан М.И.га Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) айыптоо актысы бекитилип, иш сотко жиберилген.

Сотто Кочкор районунун прокурорунун орун басары айыптоону колдоп, М.И.ге 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сураган.

Кочкор райондук сотунун 2021-жылдын 20-апрелиндеги өкүмү менен М.И. күнөөлүү деп табылып, 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды.