Домой Коом Кочкорлук жаран 4 айдан бери дайынсыз жоголгон жубайын издеп жатат

Кочкорлук жаран 4 айдан бери дайынсыз жоголгон жубайын издеп жатат

131

— Кочкор районунун 1981-жылы туулган тургуну Аманалиева Гүланда Аскаровна 4 айдан бери дайынсыз болууда.

— Ал 1981-жылдын 23-июлунда Ат-Башы районунун Калинин айылында туулган. Кочкор районунун тургуну. 2020-жылдын 30-октябрында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

— «Марал деп айтабыз, документ боюнча Гүланда. 4 ай мурун үйдөн чыгып кеткен бойдон келе элек. Балдар сагынып, маанайлары ачылбай калды. Көргөн-билгендер кабарлап койсоңуздар. Ушунча убакыттан бери издеп жүрүп, айла жок төлгөчүлөргө да бардым. Алар тынымсыз унаалар өткөн жолдун жээгиндеги үйдө жашап жатат деп айтышты.
Марал мени ойлобосоң да, балдарды ойлоп, кайрылып кел», — дейт жолдошу Улан Токтобеков.

— Гүланданы көргөн-билгендер болсо, 0707803970 номуруна кабарласа болот.