Домой Коом Кочкордогу 4 алтын кени аукционго коюлду

Кочкордогу 4 алтын кени аукционго коюлду

826

КРнын Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кочкор районунун аймагында жайгашкан 4 алтын кенин иштетүү лизенциясын ачык аукционго коюлду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Анда “Төмөнкү Кең-Суу” -вольфрам жана алтындын запасы бар кени старттык баасы 4723 АКШ доллары, “Жогорку Кең-Суу” –алтындын запасы бар кени стартык баасы-4720 АКШ доллары, “Торсуу” алтын запасы бар кени старттык баасы 6440 АКШ доллары, “Соңкөл” алтын кени аукционго чыгарылып жатканы айтылат.

Аталган кендер боюнча аукцион ушул жылдын 16-декабрында Кочкор районунда өтмөкчү.

Ua.kg