Домой Коом Жеке ишкер Ормон Нурбек уулу Кочкор районуна жардам берди

Жеке ишкер Ормон Нурбек уулу Кочкор районуна жардам берди

1294

Бүгүн 29-сентябрда, Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну, жеке ишкер Ормон Нурбек уулу Кочкор РИИБне 35 даана видео көзөмөлдөөчү каражат тапшырды.

Булар тууралуу, Ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) башчысы Азамат Арзыгулов төмөндөгүлөрдү билгизди.

«Бүгүнкү бизге карата тапшырылган каражаттар жеке эле Кочкор району эмес. Нарын облусу боюнча кылмыштуулук менен күрөшүүдө, кылмыштуулуктун алдын алууда жана бетин ачууда чоң жардам берээрин билдирип, элдин коопсуздугу үчүн, ар бир айылга коюлат,»-деди ал.

 

Жана ошондой эле, жакынкы арада Кочкор РИИБнин кызматкерлери үчүн, атайын бир авто унаа берилерин кабарлады.

Андан тышкары, райондук ооруканага атайын керектелүүчү каражаттар үчүн 1000 доллар акчалай жардам, жана бир тез жардам унаасынын сертификаты тапшырылды.