Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Кыргызстан» партиясына карата мыйзам бузуу учуру боюнча БШКга ушуну менен үчүнчү ирет арыз түштү. «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдингдин» кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. БШКнын жумушчу тобу ал күнү арызды кароого киришип, анын жыйындарына Назаров келбей койгон. Көп өтпөй ал “Кыргызстандын” тизмесинен чыгып жатканын, бул чечим коомчулуктун сынынан кийин кабыл алынганын өзү айтып чыкты. Айтмамат Назаров 1-сентябрда жана 7-сентябрда режимдик объект болгон эки энергетикалык объектиге келип, анда да башкы деректирдей эле бакылдаган. Арызда талапкер Айтмамат Назаров Жазы-Кечүү жана Зардалы айылдарындагы электр жарыгын берүүгө байланыштуу салтанаттарга катышып, тапшырып берген кызмат абалын пайдаланып, үгүт тартибин бузганы көрсөтүлгөн.
булак: Багыт гезити