Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берди. Буга чейин партиянын үгүт материалында ушул өңдүү жарыя болгон. БШК мүчөсү Абдырахматова жыйында мындай одоно мыйзам бузууга жол берген партияны шайлоодон чететтүүнү сунуштап чыкты. Бирок анын сунушу колдоо тапкан жок. Үгүт эрежесине ылайык, плакатта балдардын жана өспүрүмдөрдүн сүрөтүн колдонууга тыюу салынгандыктан, мындай чакырык мыйзамсыз деп табылып, ал жарнама материалдарын алып салуу милдеттендирилди. «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр талкуу жаратып, сынга кабылган. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов талапкерлер үгүт маалында кайрымдуулук иштери менен алектенбеши керек экенин, бирөөгө акчалай жардам берүү добуш сатып алууга тете экенин айтты. Жумабековдун ымыркайдын энесине акча берип жатканы тартылган сүрөттөр бир күндөн соң соцтармактардан өчүрүлдү.