20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Алардын арасынан бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Милиция бул тууралуу: «100гө жакын шайлоочу менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар менен үгүт кылып барган адамдардын ортосунда чатак чыккан. Баштапкы маалымат боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкери башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөй баштаган учурда чыр чыгып кеткен. Мушташ 10-15 мүнөт уланган” – деген расмий маалымат тараткан. Бул жаңжалда беш машина талкаланган. Чыр «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» ортосунда болгону айтылды. Экөө бир жерде таасир талашып, ошондон улам келишпестик жаралган.Мушташка катышкан 10 адам кармалып сурак берүүдө. Жабыркагандардын арасында «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон Шукрилло Файзуллаевдин эки иниси, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупов айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы жана анын уулу бар. Бул партиянын талапкери, учурда ЖК депутаты Маннов милицияга сурак берип чыккан. Ооруканага кайрылган 12 адамдын алтоосу дарылануу үчүн жаткырылган. Эки партия тең безилдеп муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышты. ИИМ коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди.
БШК болсо мындай чыр-чатакка кийлигишпей турганын айтып, жаа бою качты. Эгер бийликчил партиялар болбогондо БШК да кыр көрсөтуп, кыргыйдай тиймектир…
Булак: Багыт гезити