Домой Аналитика Ошто жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер аял бир нече алдамчылыкка шектелүүдө

Ошто жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер аял бир нече алдамчылыкка шектелүүдө

324

Ошто алдамчылыкка шектелип кармалган талапкер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылынын тургуну К.А. (аял киши) кайрылып, төмөнкүлөрдү билдирген: 2019-жылдын 26-апрелинде Б.К. (аял киши) менен Э.С.дан (аял киши) 200 000 сом үстөк пайызга акча алып, 3 ай мөөнөткө үйүнүн документин өткөрүп берген. Андан соң бул акчанын жарым-жартылайын кайтарып бергенден кийин анын Кара-Суу районунун Киров айылындагы үйүн Э.С. менен Б.К. өздөрүнө өткөрүп алып, К.А.ны үйүнөн чыгарууга аракет кылышкан.

Бул арыз боюнча Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүмү (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен бул иш 2020-жылдын 28-декабрь күнү Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту (Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар) менен өндүрүштөн кыскартылган.

2021-жылдын 6-февралында бул сотко чейинки өндүрүш иши Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде окуп чыгылып, Жазык-процесстик кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктунун (Прокурордун ыйгарым укуктары) негизинде кыскартуу токтому бузулуп, кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматына жиберилген.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, 2019-жылдын 17-май күнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кең-Сай айылынын 1978-жылы туулган тургуну А.Ж. Ош шаарынын тургуну Б.К.дан 4000 долларды бир айга 10% үстөгү менен кайтарып берүү шарты менен алган. Ошол учурда анын агасы А.А.ны (жабырлануучунун агасы) турак үйүн күрөө катары деп алдап алып, алды-сатты келишимин түздүрүп, ай сайын үстөк акчасын берип турганына карабастан, А.А.дан жашырып, үйүн Ж.Н. аттуу жаранга 1 300 000 сомго сатып жиберген. Н.Ж.га саткандан кийин да 3 ай бою үстөк акчасын алып турган.

А.А.нын арызы менен Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 25-мартында 1976-жылы туулган Б.К.га жактоочусунун катышуусунда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармоо жүргүзүлүп, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милицияга 2021-жылдын 25-мартында Алай районунун Ленин айыл аймагынын Мурдаш айылынын 1969-жылы туулган тургуну Ы.К.О. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 20-февраль күнү Б.К. жана анын апасы Э.С. Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кең-Сай айылындагы А.А. (аял киши) жана анын агасы А.А.нын күрөө катары алган үйүн алды-сатты келишими менен 1 300 000 сомго сатып жибергенин, ага мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

К.Ы.нын арызы боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле, 2021-жылы 25-мартта Ош шаарынын 1973-жылы туулган тургуну Т.Ж.Т. арыз менен кайрылып, анда 2018-жылдын май айынын аяк чендеринде Кара-Суу райондук базардын жанында Б.К. ишеничине кирип, банктан алган насыяны чечип берем деп, өзүн жергиликтүү кеңештин депутаты жана юристимин деп тааныштырып, 145 000 сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Ж.Т.нын арызы боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Массалык маалымат каражаттарынан алынган маалыматтарга ылайык, убактылуу кармоочу жайдагы Б.К. Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлигин койгондугу белгилүү болгон. Андыктан Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына К.Б.ны Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен чыгарып салуу боюнча жолдомо жиберилген.

Бүгүнкү күндө шектүү К.Б.нын бир кылмыш иши боюнча Кара-Суу райондук сотунда Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү каралган кылмыштын белгилери менен соттук кароо жүрүп жатат. 2021-жылдын 27-март күнү кылмышка шектүүнүнүн баш коргоо чарасы Кара-Суу райондук соту тарабынан каралып, үй камагына чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.