Домой Шайлоо 2020 Талапкер кайсы учурларда мандат ала албай калат?

Талапкер кайсы учурларда мандат ала албай калат?

21

4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бирок белгилүү бир шартта айрым талапкер мандат ала албай калышы мүмкүн.

“Президентти жана Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамдын негизинде талапкерлерге атайын талаптар коюлат. алар төмөнкүчө:

шайлоо күнү эң жаш талапкер 21 жашка толушу керек;

КР жараны болушу шарт;

башка мамлекеттин жараны болбошу керек;

бир талапкер бир гана тизмеге кире алат;

соттун өкүмү күчүнө кирип, абакка киргизилгендер же сот тарабынан акыл-эси кем деп табылгандар талапкер боло албайт;

эгер соттолгон болсо, тиешелүү мезгил өтүшү керек. Мында кылмыштын оор-жеңилине, беренесине карап убактысы белгиленет.

Бирок талапкер тизмеден шайлоого чейин эле чийилип калышы мүмкүн. Мында өзү арыз берсе же партия чечим кабыл алса (шайлоого чейин кеминде 5 күн калганда), болбосо айыптоочу өкүм күчүнө кирсе депутаттыкка талапкер боло албайт.

Эмне үчүн мандат ала албай калышы мүмкүн?

Эң эле жөнөкөйү — партия шайлоо босогосунан өтө албай калса. Мыйзам боюнча партия жалпы добуштун 7, ар бир облус менен Бишкек, Ош шаарларында 0,7 пайыздан кем эмес көрсөткүчкө ээ болушу шарт.

Экинчи себеби — эгер көпчүлүк добуш партияларга эмес, “баарына каршы” деп берилген учурда. Бул учурда кайра шайлоо жарыяланат.

Үчүнчү себеби — эл өкүлү болуп шайланган талапкер үч күндүн ичинде БШКга буга чейинки кызматынан кеткени тууралуу арыздын бир нускасын алып келип бериши керек. Эгер мурунку жумушунан кетпесе, мандат тизме боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет.

Шайлоо, талапкер, мандатДагы бир себеби — талапкерге жөн гана кезек жетпей калышы мүмкүн.

Эгер талапкер өз арызы менен тизмеден чыга турган болсо да мандат берилбейт.

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Бирок мандат алгандан кийин да депутат андан ажырап калышы ыктымал. Төмөндө ошондой учурлар тизмектелди:

ыйгарым укуктарын токтотуу же фракциядан чыгуу боюнча жазылган арызы;

эгер сот тарабынан акыл-эси жайында эмес деп табылса;

көз жумса;

соттун депутаттын өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу чечими күчүнө кирсе;

соттун айып таккан өкүмү күчүнө кирсе;

депутаттык ишмердүүлүгүнө шайкеш келбеген ишке өтсө;

Кыргызстандын аймагынан тыш жашоо үчүн кетсе;

Кыргызстандын жарандыгынан баш тартса, башка мамлекеттин жараны экени аныкталса;

Жогорку Кеңештин жыйындарына бир сессияда 30 күн же андан ашып себепсиз келбесе;

шайлоо мыйзамсыз деп табылса.