8 жаштагы кыз “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаевге жана жалпы эле «кыргызстанчыларга» кайрылып, “Мээңер барбы?” деп сурады. Себеби, зирек кыз бул партиянын желеги Казакстандыкы экенин башкалардай эле баса белгилеп айтып, партиянын үгүт иштерине чыгарылган футболкаларын Казакстанга эле жөнөтүп жиберип, ал эми кийимдеги Кыргызстан деген жазуунун ордуна Казакстан деп жазып коюуну сунаштады. «Кыргызстанчылар» эми бул акылдуу кызга асылбаса эле болду. Эмнеге дегенде, мыйзамды «оптом» бузуп жаткан немелер, мыйзам бузгандарды эске салгандарды этектерин далбыратып, беттен алчы эле… Кыскасы, бул партия бешиктеги баладан тартып, 90дон ашкан акскалдарга чейин назарынан калды. Назардан калгандар алыска бара албайт. Намысын тебелеп, найнак кептен айта берет…
Булак:Багыт гезити