Домой Маданият Кыргызстан руханий дөөлөттүн кенчи, Россияда кыргыз маданият күндөрү өтүүдө

Кыргызстан руханий дөөлөттүн кенчи, Россияда кыргыз маданият күндөрү өтүүдө

97

     19399292_2334847530074637_491591881107910462_n (1)

19-июнда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Россияга барды. Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин баштаган жетекчилер менен жолугуп, бир катар келишимдерге кол койду. Бул мамлекеттик сапар Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык алакаларынын 25 жылдыгына туш келген.

20-июнда болсо Россиянын мамлекеттик Кремль чоң сарайында Кыргызстандын маданият күндөрү ачылды. Салтанаттын ачылышын “Көчмөндөр оюнун” жогорку деңгээлде уюуштурган чыгармачыл топ колго алып, иш-чарага келгендердин маанайын көтөрдү. Уюштуруучулардын бири Дариха Асылбашеванын айтымында, концертке кыргыздын мыкты деген ырчылары, өнөрпоздору катышкан. 2 саатка созулган концерттик программада 300гө чукул маданият кызматкери өнөр көрсөттү. Залда 6 миң көрүүчү болсо анын ар бир алтынчысы орус жарандары болду.

Россиянын маданият министринин орун басары болсо Кыргызстанга суктанганын жашыра албай, биздин мамлекетти Манастын, Чыңгыз Айтматовдун өлкөсү экенин айтып, улуу руханий дөөлөттүн кенчи кереметтүү Кыргызстанда жатканына токтолду.

allthreemeds. Россиянын мамлекеттик Кремль чоң сарайында өткөн бул салтанат маданият күндөрдүн маанилүү учурларынын бири. Эми 20-июнда башталган иш-чара 2-июнга чейин уланат. Ал ар кандай жарманкелер, киносеанстар, маданий иш-чаралар менен коштолгон жүрүштө Кыргызстандын каада-салты, үрп-адаты, искусствосу даңазаланат. Ошондой эле Москва, Казан, Уфа сыяктуу ири шаарларда кыргыз өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулайт.