Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга жасаган мамлекеттик сапары өтө ийгиликтүү болгонун маалымат булактары аркылуу билдик. Россия президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди өтө жогорку деңгээлде, терең сый-урмат менен тосуп алды.
Мамлекет башчысынын бул сапарында алдыда өтө турган президенттик шайлоо туурасында да сөз жүрөөрү айрым эксперттер тарабынан да божомолдонгон эле. Айткандай эле бул темада да сөз козголду.
Бул жолугушуу тууралуу “КоммерсантЪ” гезитинин атайын кабарчысы Андрей Колесников өзүнүн анализ жүргүзгөн кызыктуу макаласын жарыялады. Макалада А. Атамбаевдин бул сапары өтө ийгиликтүү болгону, натыйжалуу, жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүргөнү айтылат. Баарынан да коомчулуктун кызыгуусун туудуруп турган тема боюнча мындай деп жазат: «После переговоров списаны все долги перед Россией, а сам российский президент заслужил от Алмазбека Атамбаева «Спасибо громадное!», в том числе и за то, что самим фактом этой встречи российский президент категорически поддержал преемника Алмазбека Атамбаева на президентских выборах в Кыргызстане в октябре этого года”. Муну менен макаланын автору Россия президенти В. Путин мамлекет башчысы А. Атамбаевдин тандаган талапкерин туура көргөн деп билдирет.
Макалада Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аягына чыкканда бийликке жармашпай, өз каалоосу менен кызматынан кетүүнүн чечкенин орус лидери В. Путин жогору баалаганы жана кийинки президент кызматка келгенден кийин да эки өлкөнүн ортосундагы мамиле достук маанайда улана бере турганына ишеним арта турганын төмөндөгүчө билдиргенин мисалга тартат: “Мы близкие союзники, близкие надежные друзья… Уверен, все, что было заложено в годы вашего президентства — а оно завершается,- будет продолжено”.
Мына ушундай айтылган Путиндин пикиринен улам журналист өзүнүн оюн мындайча кошумчалайт: “Предвыборная кампания в Кыргызстане еще не началась, а Владимир Путин уже активно занимался ею как доверенное лицо преемника Алмазбека Атамбаева (им станет, если больше ничего не стрясется, нынешний премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков)”.
Демек, Кыргызстандагы президенттик шайлоодо орус бийлиги кимди колдоого алаарын россиялык басылмалар да жаза башташты. Өлкөбүздүн эң негизги стратегиялык өнөктөшү болгон Россиянын бийлигинин көз карашы да бул шайлоодо чоң ролду ойной турганы белгилүү. Албетте, Кыргызстандын кийинки президенти ким болорун мекендештерибиз 15-октябрда өз добуштарын берүү аркылуу чечет. Элдин тандоосуна татыктуу болгон кийинки президент буга чейин жасалып келаткан алгылыктуу иш-аракеттерди андан ары улантып, мамлекетибиздин ар тараптуу өнүгүшүн камсыздоосу кажет.