Домой Маек Кубанычбек Апас: Президенттикке мен эле жарайм, жок дегенде Саламаттыкты сактоо министрлигин беришсе…

Кубанычбек Апас: Президенттикке мен эле жарайм, жок дегенде Саламаттыкты сактоо министрлигин беришсе…

61

Кубанычбек АпасӨзүн “революциянын чабарманы” деп атаган Кубанычбек Апас ар дайым өлкөдө стабилдүүлүк бузулуп, оппозиция баш көтөрө баштаганда Кыргызстанда пайда болот. Бул сапар да редакцияга башбаккан тынчыбаган доктор буулугуп калганбы, айтор төгүлүп-чачылып көкүрөктөгү ойлорун ортого салды.

— Кубанычбек мырза, Кыргызстанга келип калганыңыздын себеби эмнеде? Орусияда жашоо кандай?

— Азыр Россияда капитализм. Бул мамлекеттик идеология болуп калды. Орустар Украинага аскерин жиберип орустарды акчага сатып алып митингге чакырып, Украина болбойт, Украинанын кереги жок, алар фашисттер деген пропаганданы жүргүзүштү. Бул туура эмес. Орусиянын өзүндө азыр нааразычылыктар бар. Орус оппозициясы азыр Орусияда буга чейин мынчалык улутчулдук болгон эмес деп жатышат. Путин газ менен нефтини сатып, ири олигархтарды гүлдөтүп, карапайым элди кууратып жатат. Пенсия 8 миң рубль. Бул Орусиядагы эң начар пенсия.

— Биздин Кыргызстандагы абалды кандай баалайсыз?

— Сиздин абалыңыз да эң начар. Кыргыздарды да баягы эле айылдан чыккан чоң курсактар башкарып атышат. Алар 25 жылдан бери бийликте. Мына, ички саясатты алалы. Ошондой эле кымбатчылык, ошол эле Салымбековдор. Мына сууларыбыз таптаза, кен байлыктарыбыз бар. Шайлоодо 1 бөтөлкө арак менен 500 сомго сатылбаш керек. Биздин чоңдордо анализ жок, ойлонбойт. Азыр эл эч кимге ишенбейт. Оң жактан бийлик болуп атса, сол жактан Бекназаровдор чыгып атат. Алар дагы андай-мындай, Атамбаевдер чек араны сатып атат деп атышат. Бул дагы элди алаксытуу. Аларга дагы бийлик эле керек. Бирок, экинчи четинен туура, чындыгында чек араны сатып жатышат. Азыр бийликте бизнесмендер отурат дебедимби. Булар кабинеттеринде элге эчтеке айтпай, баарын сатып жатышат. Булардан башка дагы жергиликтүү акимдер деген бар, мына ошолор дагы байып атышат. Мындай саясат кыргызга кас саясат. Экинчи дагы бир чоң трагедиябыз бар. Мына биз үркүн деп көп айтабыз. Үркүндү убагында айтабыз. Бирок, бийлик азыр чоң үркүндү жасап атпайбы. Мигранттарды жиберип атасыңар. Алардын саны миллиондон ашты. Аларды көрүп атам — араңдан зорго 18 миң рубль айлыкка иштеп атышат. А батир акысы болсо 12 миң рубль. 8 кыргыз бир бөлмөдө кезек менен уктап атышат. Кыргыз аялдары бузулуп атат, аларды бузган ошол эле кыргыз эркектер. Байкуш айылдык кыз акча табайын деген таза ой менен барып, тагдыры талкаланып жатат. “Кыргызстан” деген кинотеатрдын алдында кыргыздар менен тажиктер уруша кетиптир. Бир кыргыз досун чакырат — ай, Толкунбек, жардам бербейсиңби, биз согушуп атабыз дейт. Толкунбек 18 жаштагы жигит экен. Килейген тажик аны мурундан ары бир коёт. Орус полициясы келип Толкунбекти кармап кетет. Ошентип Толкунбек 10 жылга кесилет. Орусияга келгенине 3 ай гана болгон экен. Ал балага өзүм чуркап жүрүп 10 жылын 1 жылга түшүрдүм. 1 жыл Кемерово шаарында камакта отурду. Дагы бир айтарым, «киргиздер» деп жактырбайбыз. Бирок, алардын арасында сабаттуулар көп. Мындай айтсам, алар үмүттүн каймагы. Аларды ата-энеси кыргызчылыктан алыс болсун деп орусча окуткан. Биз болсо аларды тепкилеп бийликке жолотпой атабыз. Белорусия, карышкыр казактар, карышкыр Путин бири-бирин көрө албай атканда Бажы союзуна биздин да киргенибиз эч бир туура иш болгон жок.

— Ошондо президенттикке ким татыктуу дейсиз?

— (Өзүн көрсөтүп) Мен. Мен президент болсом жумушка 35 жашка чейинки гана жаш жигиттерди аламын. Андан улуусу жарабайт. Булардын уурдаганга тажрыйбасы жок. Ак пейили менен иштеп беришет. Ырас, алар иш билбеши мүмкүн. Бирок, менин тажрыйбам чоң да, аларга иштегенди үйрөнөм. Ички саясатты, тышкы саясатты кандай жүргүзүш керектигин айтып турам. Эгер алар беш жылдан кийин уурдаганды үйрөнүп алышчу болсо, дароо айдайм. Мени ачык айтканым үчүн Акаев түрмөгө салган. Ооба, орус эли менен да жакшы болушубуз керек. Бирок, биз улут катары өзүбүздүн жол менен кетишибиз керек. Азыр биздин маалыматтык коопсуздугубуз бузулду. Путиндин олигархтарына эмне керек? Биздин Ысык-Көл керек. Орусиядагы биздин кыргыздар жоголуп атышат. Мен миграцияга каршымын. Кыргыздар өзүнүн жеринде турушу керек. Мына мен канча жылдан бери куугунтукта жүрөм. Анан азыркы бийлик менден кечирим сурап, моралдык компенсация төлөп бере алабы? Келиңиз, Кубанычбек Апас, бизге келип жок дегенде Саламаттык сактоо министри болуп, ушул тармакты көтөрүп бериңиз дей алабы? Жок, эч качан антишпейт. Эч качан тартып алган паспортумду кайра беришпейт. Чыныгы президент келгенде аны менен Каримов да, Рахмон да эсептешет. Эң биринчи экономиканы көтөрүш керек. Азыркы эң чоң коркунуч Кытай болуп турат. Алар менен мамиле кылыш үчүн жаныбызда айбалтабызды ала жүрүшүбүз керек. Кытай бизди опоңой гана жутуп алат. Муну экономикалык экспанция деп коёт. Эң сабаттуу, эң оңой басып алуунун жолу ушул экономикалык экспанция. Бизди кайтарган үчөө — Орусия, Америка жана Кытай. Алар биздин Ала-Тообузду айланып учуп жүрүшөт.

Суроо салган Назгүл Осмонова