Депутат Акылбек Жапаров дем алыш күндөрү өңүн бир аз жасалгалап өзгөртүп, жаман кийим кийип, базарда алманын уругун сатып жатыптыр дейт. Жөн эле сатып олтура бербей, акча жасаштын амалын ойлоп, чирик алмалардын уругун бөлүп сатчу экен. Бир жолу алманын уругун бөлүп, айрымдарын оозуна салып эрмектеп олтурса, жанына саясатчы
Феликс Кулов келип:
-Эй соодагер, уруктарды эмнеге жеп жатасың? — деп сурап калат.
-А, бул уруктарды сатып жиберем. Себеби, алар акылды көбөйтөт.
Кулов муну угуп, жанталашып:
-Балким, мага эле сатарсың?
-Мынакей, бир даанасы 1000 сомдон.
Депутат алманын уругун сатып алып жеп көрдү да мындай деди:
-Ачуу экен, мен деген 1000 сомго бир ящик алма сатып алмакмын да!
Жапаров ага жалмаңдап:
-Көрдүңбү, дароо акыл кошулду!
Анда Кулов:
-Чын эле… Мага дагы 10 даана урук сатчы.