Домой Тарых Каган Барсбек — кыргыз мамлекет башчысы (уландысы)

Каган Барсбек — кыргыз мамлекет башчысы (уландысы)

6188

(Башы өткөн санда)

Ошол  жараянда көктүрк ханзадасы алп денелүү ат көтөргүс (анткени, ал катышкан салгылаштарда минген даңазалуу аттардын сегизи мерт болгону маалымдалат аталган таш жазууда) Култегиндин минген жылкысы “Байкурундун ак айгырынын жамбашы сынды”делет ага арналган эпитафияда.

БарсбекБул жортуулдун натыйжасында кыргыздар жеңилүүгө дуушар болгон. Ошондой болсо да  көктүрктөр кыргыз мамлекетин биротоло жойгон эмес. Согушта каганын өлтүрүп, аз кыргыз журтун ээсиз кылбасак деп, элин курап, башчы дайындап келдик делет, Култегинге багышталып орнотулган таш жазуу эстеликте .  Изилдөөчүлөр Виктор Бутанаев менен Юлий Худяковдун маалыматында көктүрктөр Кыргыз мамлекетинин башына Барсбектин түрк каншасынан төрөлгөн уулун, ханзада Билгенин жээнин коюшкан . Кытай окумуштуусу  Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулунун маалыматында анын ысым аталышы Кутлуг Билге Каган болгон, ал 11 жыл  кыргыз мамлекетин башкарган. Өзүнүн атасынын көктүрктөргө болгон саясатын уланткан. 718-жылы Көктүртөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында кыргыз каганы өзүнүн кошуну менен акыркылардын тарабында салгылашып, абдан баатырлык көрсөткөн. Ошондуктан, Таң падышалыгы жагынан: “Атканынан жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган” кошун деген даңазага татыган.

Өз каганатынын коопсуздугун көктүрктөр ушундайча камсыздандыра алган. Ошентип, кыргыз өкүмдарынын бийлиги эч чектелген эмес. Маселен, 713-755-жж. кыргыз элчилиги Таң ордосуна төрт жолу барган.

Ал эми, Борбордук Азиядагы мындан кийинки саясий окуяларга кыргыздардын катышпаганын окумуштуулардын көбү кыргыздардын аскердик жактан алсырашы менен байланыштырышат. Бирок, тарыхый маалыматтардын анализи мунун себебин кыргыздар менен көктүрктөрдүн арасында өз ара жылуу мамиленин сакталышы экенин көрсөтөт. Маселен, Күлтегиндин кара ашына кыргыз каганы өз элчиси Чур Тагдуш Ынанчуну жиберген , ал эми көк түрктөр кыргыздардын Таң империясы менен болгон тышкы байланышына кийлигишкен эмес. Ошондой эле Түрк каганаты алсырап, уйгур, карлүк жана басмылдар 742-ж. бирдиктүү көтөрүлгөндө кыргыздар ага кошулушкан эмес. Ал эми 751-ж. менменсинип кеткен уйгур каганына каршы кыргыздар айбаттуу күрөш жүргүзгөн . Мунун өзү кыргыздардын аскердик жактан эч бир алсырабаганын көрсөтүп турат. Кандай болсо да 710-711-жылдардагы Сунга токойунда (азыркы учурда Хакасияда ушундай аталышта айыл бар) кыргыздардын жеңилүүсү кыргыз мамлекетине кандайдыр бир саясий абройун түшүргөн эмес.

Көктүрк жазууларында Барсбектин ишмердүүлүгү жаңылыштык катары «…өзү жаңылды», — деп бааланып, ал эми кыргыз каганы болсо көктүрктөрдүн негизги каршылашы катары көрсөтүлөт. Көктүрк идеологиясын ачык чагылдырган бул эстеликтерде асман-жердин ортосундагы бүткүл адам баласын көктүрк кагандары башкарышы керек эле.  Анткени, түрктөр (ашина — карышкырдан тараган урук — Д.С.) өздөрүн артыкчылыктуу элбиз деп эсептешкен.  Ошол эле убакта, кыргыздар да саясий эгемендүүлүккө муктаж болгон жана аларда да өздөрүнүн «артыкчылыктуу башкаруучу» династиясы бар экендигин сезишкен. Кытай булактарында кыргыздардын «өкүмдары ажо (ажэ) деп аталат, ошондуктан анын уругу да ажо деп аталгандыгы»  жазылган. Түрколог Сергей Малов кыргыздардагы ажо тукуму Таң династиясынын башкаруучу үй-бүлөсү менен бир  уруктан (из одного рода) экендигин кытай булактарынын негизинде, өткөн кылымдын орто ченинде эле, аныктаган. Ал эми, «ажо» сөзүн белгилүү синолог С.Е. Яхонтов байыркы түрктөрдө кеңири колдонулган “инал” (“inäl”) титулунун кытайча жазылышы экенин далилдеген . XIII кылымда бул сөз монголдордо “каан” (“хан”), тажиктерде “падыша” маанисинде болгондугун, XVII кылымда жашаган Хиванын ханы жана тарыхчы Абуулгази Бахадур хан “Шаджара-и түрк  ва могул” деген өз эмгегинде ачыктаган . Белгилүү болгон Орхон-енисей жазууларында ажо сөзү азырынча кездешпейт экен. Изилдөөчүлөр Виктор Бутанаев менен Юлий Худяков кытай булактарындагы “ажо” (ажэ) аталышы “аз” (ач) кыргыз уруусун туюнтуп, Кыргыз мамлекетиндеги башкаруучу династия болгон деген жогоруда да айтылган пикирлерин билдиришкен эле .

Кыргыздардын башкаруучу династиясы көктүртөрдүн башкаруучу үй-бүлөөсү менен бирдей деңгээлде турган жана алар өз-ара өзгөчө туугандык байланышта болгон деп айтууга жетиштүү далилдер жогоруда келтирилди.

1878-жылы Абакан дарыясынын оң жээгинде жайгашкан Алтын-Көл деген көлдүн жанынан табылган Алтын-Көл I жазма эстелиги Барсбекке арналып тургузулганы аныкталган. Анын маанисин түрколог Нурдин Усеев төмөндөгүчө такталган жаңы түшүндүрмөсүн берген: “Тексттеги маалыматтар Барсбектин өзүнүн жана жакын туугандарынын сөздөрүнөн турат. Барсбек жердеги барс уруусуна, баатырдыгына тойбогонун, бабасы, колдоочусу болгон Умай бекке (текстте ушундай берилген, мүмкүн мунун касиеттери кийинчерээк эле аял-энеге таандык болуп ооп кеткен сыяктанат — Н.У.) кайрылып аны, анын туугандарын, күлүк аттарын өлтүрбөй жашоо тартуулаганын, сакчы, күзөтчүлөрүнөн айрылганын, аркы дүйнөгө тандалып кеткенин, апасы аны он ай көтөрүп жүрүп, мамлекетине төрөп бергенин, эрдик үчүн эрезеге жетип, көптөгөн баатырлык кылганын, кол салган калың жоого чегинбестен чабуул коюп, ошол согушта каза болгонун жазып, ал баатыр, ага-инилери кудуреттүү болгону үчүн түбөлүк ташын, жазма эстелигин тургузушканын баяндайт. Ал эми, анын бир туугандары Барсбектин аң уулоодо көзгө атар мерген, согушуп, күрөшкөндө күчтүү алп экенин белгилешип, анын каза болушу менен алардын башына оор жүк, муң-кайгы түшкөнүн, алар төрт бир тууган болушканын, аларды жер асты кудайы — Эрклиг айырганын белгилешип, сөздөрүн акыркы саптагы “Алтун-Соңа черинин кийиги арт, (токойго батпай) ташы, (анткени, сени) ата турган Опа (өгүз — Н.У.) Барсым айрылып кеттиң, аттиң ай!” деген алардын кайгысын көркөмдөп көргөзгөн лирикалык чегинүү сыяктуу сүйлөм менен аякташкан” .

Кыргыздардын 711-жылы Сунга токоюндагы салгылашта жеңилиши эстеликтерде айтылгандай көктүрктөрдүн капыстан кол салышына байланыштуу болгон сыяктанат. Ал эми белгилүү россиялык тарыхчы Юлий Худяков бул доордо кыргыздардын аскердик түзүлүшү көктүрктөрдүкүнөн тактикалык жактан начарыраак болгон деп эсептейт . Буга далил катары чек арада кароолдун болбогонун, чалгындоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүн, ошондой эле курал-жарактардын салыштырмалуу жөнөкөй түзүлүштө болушун көрсөтөт.

Ар дайым жүргүзүлгөн согуштар, алыбетте чоң чыгымдарды алып келген, бирок муну менен кошо кыргыздардын этникалык жактан биригишин да шарттаган. Аталган мезгилде кыргыздарга баш ийип, жасак — милдеттүү төлөмдөрдү берип турган, бөтөн (кыштым — айыл сымал — Д.С.) уруулары да «кыргыз мамлекетинин” астында чогулушкан. Кытай булактарында айтылгандай, кыргыздарда аскерий «кошуун куралганда ага бүткүл эл жана бардык вассал уруулар аттанган». Ошол учурдагы кыргыздардын аң-сезиминде «мамлекет», «мамлекеттин бүтүндүгү», «адилеттүү мыйзамдуулук» түшүнүктөрүнүн калыптанышы, өлкөнүн кудуретинин жана аскердик күч-кубатынын өсүшү менен  чарбалык потенциалын көбөйтүп, ички биримдигин да бекемдеген.

Ошентип, жыйынтыктап айтканда VII-VIII кк. кыргыздар эгемендүүлүк үчүн болгон күрөштөрдө өз мамлекетин сактоо менен гана чектелбестен, алдыдагы катаал окуяларга тажрыйба топтоп, өздөрүн бараандуу иштерге такшалтканын баамдайбыз. Бул жараянга  Барсбек кагандын кошкон салымы чоң экени шексиз. Анын келечектүү демилгеси, урпактары тарабынан 840-ж. Борбордук Азияда Улуу Кыргыз мамлекетинин даңазалуу үстөмдүгүн орнотушу менен уланганын тарыхтан даана билебиз.

Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ,
КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору