Домой Маек Константин Бышевой: Кыргызстан нукура Швейцарияга же Түндүк Италияга айланат

Константин Бышевой: Кыргызстан нукура Швейцарияга же Түндүк Италияга айланат

216

Ала-Арча улуттук паркы

Орусиянын «Живая планета» («Жандуу планета») телеканалы Кыргызстанда «Планетанын тирүү символдору. Кыргызстан. Жаныбарлар» программасын тартты. Аталган программанын алып баруучусу Константин Бышевой кабарчыбызга курган маегинде Кыргызстанды жакын арада чындап эле накта Швейцарияга айланат деп баарыбызды ишендирди.

 

Константин мырза, Кыргызстанга не себептен жана качан келип кеттиңиз?

— Алишер, «Колдо бар алтындын баркы жок!» деген ушул. Ажайып өлкөңөргө былтыр май айында атайын командам менен келип кеткекмин. Бирок, чындап эле жакын арада Кыргызстан нукура Швейцарияга, Түндүк Италияга, же Жаңы Зеландияга айланат! Анткени, мен өлкөлөрдүн ушунчалык уникалдуулугуна жана ар түрдүү кооздугуна укмуштай суктанып, акыры биротоло тан бердим! Тилекке каршы, силер, кыргызстандыктар, ушунун баркына эмдигиче жете элексиңер! Мени ушул нерсе гана аябай  өкүндүрөт.

— Сиздин айтылуу Кыргызстан жөнүндө тасмаңызда көбүнчө кимдер жана эмнелер жөнүндө кеп жүрөт?

— Кыргызстан жөнүндө алгач бир-эки ооз сөз. «Эгерде Сиз бул өлкөдө таптакыр болбосоңуз, анда өтө тез билет сатып алыңыз?» дегим келет. Анткени, баарыбызды кооз жаратылышы жана түгөнбөс кен  байлыктары менен тамшандырган бул кереметтүү аймак акыры нукура Швейцарияга, Түндүк Италияга, же Жаңы Зеландияга сөзсүз айланат! Менин бул кыялым жакын арада жүзөгө ашаарында дагы таптакыр шегим жок!

— Анда туристтердин аягы тыйылбай калат деңизчи?

— Албетте, туристтер кеп эмес! Алдардын аркасында Кыргызстанга туристтик бизнес жана дүйнөлүк мейманканалар түйүндөрү дагы катарынан агылат. Бардыгы Альпы, Доломит и Анда жергелериндей ыкчам гүлдөп-өскөнгө абдан мыкты гана шарт жаралат.

— Бул өлкөдө деги Сиз эмне деген өзгөчөлүктү байкадыңыз?

— Кыргызстан эрге тие элек  кыздай экен. Жапжаңы, жугумдуу жана өтө берешен! Муну бир көргөн адам кайрадан эле көргөнгө ашыгат! Мындайча айтканда, Кыргызстанга багы жипсиз гана байланат! Ошон үчүн мындай мүмкүнчүлүктү Өкмөтүңөр дагы колдон чыгарбашы кажет! Туристтик бизнес аркылуу өлкөнүн капчыгын дагы кампайтып, бюджетин дагы бөксөртпөй туруктуу кармаганга сонун ыңгай жаралат.

— Эли жактыбы?

— Ананчы! Айкөл жана ак көңүл калк экен! Баары орус тилин айттырбастан билишет турбайбы. Тамагынын абдан жегиликтүүлүгүн айт! А оокат-аштын баасы, чынында, азырынча күлкү келээрлик, абдан эле арзан!

— А Ысык-Көлчү?

— Ысык-Көлдө сөз жок! Нукура ажайып аймак! А Тянь-Шань жана Памир – булар тим эле фантастика! Мындай жаратылышты кудай Кыргызстандан башка мамлекетке буюрбаганына, кыргыздар, шүгүр кылгыла!

— Эмне бир дагы кемчиликти байкабадыңызбы?

— Кантип? Мени абдан эле өкүндүргөнү: мейманканалар кадимкидей жүрөк оорутат. Жолдордун азабын тарткан адам экинчи Кыргызстанга басып барбайт! А кооз жайларда заманбап инфраструктуранын таптакыр жоктугу, албетте, зээнди гана кейитет. Албетте, булардын бардыгы кыска аралыкта жана болбогон каражатка оңдой турган эле жагдайлар. Анда Кыргызстанга азыркыдан дагы туристтер көбүрөөк агылаарында менин эч шегим жок!

— Константин мырза, ошентип, Кыргызстан акыры өнүгүү нугуна түшөт деңизчи?

— Албетте! Менин буга кымындай дагы шегим жок! Бирок, «Ала Тоонун боорунда, Жамбаштап жатсаң сонун да!» — деп кол куушуруп, баарын Кудайдан гана тилеп жатыштын эч кажети жок. Кыргыздар айтмакчы, «Аракет кылсаң, акыры сөзсүз берекет болот». Мындан менин кымындай дагы шегим жок!

Жылдардын бир жылдарында мен Кыргызстанга кайра келгенимде, лыжа тээп жыргап, балык уулап ырдап, тоолорго чыгып шуулдап, ошондой эле жер шарындагы эң мыкты самсаны дагы жеймин деген абдан чоң үмүттөмүн!

Алишер Токсонбаев