Домой Маек Жумаш Белекова: Кылым аша жашап, 107 жашка чыктым

Жумаш Белекова: Кылым аша жашап, 107 жашка чыктым

69

Жумаш БелековаЭне сага кандай мактоо жарашат?! Эне – сенден ким сыймыкты талашат?! – демекчи, 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата кылым аша жашаган, Экинчи дүйнөлүк согушта орукта кызмат кылган Белекова Жумаш апа менен маек куруп кайттык. Жумаш апа учурда Нарын районунун Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылында кызынын колунда. Апанын жашы 107де болсо да, абалы жакшы, акылы тунук, сөздү баптап сүйлөгөн адам экен. Көзүнүн көрбөй, кулагынын жакшы укпай калганына бир топ жыл болсо да, Жараткандын ар бир берген күнү үчүн ыраазычылык билдирип, каниет кылып, чөбөрөлөрүн жыттап ырахаттанып жашап келет.

 

“Ата-энем мал багып жан сакташчу”

— Буюрса кылым аша жашап 107 жашка чыктым. Бир эжем бар эле, ал да көп жашады. Мен 80 жашка чыкканда ал жүздөн ашса керек эле, Эже канчага келдиӊ десем, кечээки кыз сен 80ге келсеӊ мен 100дөн аштым да деп күлүп калаар эле. Он биртууганым бар болчу. Ата-энем мал багып жан сакташчу.

Белекова Жумаш апанын паспорту

 

“Тоонун этегине картошка айдап, Сочи шаарына сатчубуз”

— 15 жашымда турмушка чыктым, бирок кайсы куракта төрөгөнүм эсимен чыкты. Ыраматылык абышкам Ыбырай кытайдан келген кыргыз болчу. Соода-сатык иштерин мыкты өздөштүргөн адам эле. Кытайда жүрүп чоӊоюп келгендиктен тили буру болчу. 6 жашында кетип уйгурдун колунда чоӊоюптур. Кытайдан Кыргызстанга товар алып келип сатчу. Экөөбүз тоонун этегине кыр-кыр кылып картошка айдап Россиянын Сочи шаарына камаздарга жүктөп барып сатчубуз. Ар бир картошкага көзөмөл салып, дыкаат карап, убагында сугарып, отоп, кык сээп жакшы түшүм алаар элек. Ошол кезде бир картошка 1-1,5 кг чыкчу. Чесноктор, сабиздер да жакшы түшүм берчү. Убагында айылдаштарым мени “Мичурин” деп чакырышаар эле. Мен иштебеген жер калган жок. Согуштан кийинки жылдары жерди эле карап отура бербей айылдагы мектепте пол жууп, кичине бош убакыт боло калганда тракторчулардын кийимдерин жууп иштедим.

 

“Согуш жылдарында Кумбелде иштедим, орок ордук, машак тердик…”

— Согуш жылдары Кумбелде алтын чайкап эмгектенгем. Биз менен орус кыздар да иштешчү. Суунун түбүнө отуруп алып балка менен ташты талкалачумун. Талкаланган таштардан чыккан алтынын, магнийин эки бөлөк алып баштыктарга салчумун. Андан кийин ал жак жабылып калып арык чаптык, орок ордук, кол менен машак тердик. Балдарды бешикке бөлөп, эртеӊ менен кеткен бойдон кечинде келебиз. Абышкам да орукта иштеди. Учурунда орукта иштегенибиз үчүн медаль беришкен эле, ал медаль кайда калганын билбейм.

 

“Кол өнөрчүлүк менен да алектенчүмүн”

— Күлүк күнүндө дегендей, жаш кезде сайманын түрүн сайдым, шырдак жасадым, кол өнөрчүлүктү көп жылдар бою аркаладым. Тааныш-билиштердин саймаларын сайып, шырдагын шырып берип алкышын алып, кээде акыга да иштеп жүрдүм. Көзүм көрбөй калганга чейин, балдарды эмдеп, жүрөк көтөрчүмүн.

 

“Кайненем мага жашын таштап кеткен окшойт”

— Көп бала төрөдүм, балдарым токтобой жүрүп, Турсун аттуу улуу кызымда токтоду окшойт. 1989-жылдардан бери кызым Шайырбүбүнүн колундамын. Шакен Миӊ-Булак айылына турмушка чыккан. Кудайга миӊ мертебе шүгүр, Турсун, Калбүбү, Майрамкүл деген кыздарым бар, алар да убак-убагы менен келип ал-абалымды сурап турушат. 1995-жылдары бир көзүм көрбөй калган, азыр эки көзүм теӊ көрбөйт. Кулагым да 2006-жылдан бери жакшы укпай калды. Бирок, Жараткандын ар бир берген күнү үчүн ыраазы болом. Небере-чөбөрөлөрүмдүн үнүн угуп калсам төбөм көккө жетип сүйүнөм. Биздин куракта эмне, ошолордун күлкүсүн угуу эле жыргал да. Буюрса, Кудайдын кулагы сүйүнсүн 18 неберем, 42 чөбөрөм бар. 42-чөбөрөм жакында эле төрөлдү, ага Акылай деп өзүм ысым ыйгардым. Акылайым да менин жашыма барсын ылайым! Өзүмдүн ыраматылык кайненем 96 жашында дүйнө салды. Убагында кайненем менен мамилем абдан жакшы болчу. Ар убак мага “Менин жашыма жет!” деп ак батасын берээр эле. Апам жашын мага таштап кеткен окшойт.

 

Жумаш апа жамакчы да экен:

Алтымышка  чыкканда
аркандаган аттайсың,
Колуӊан шоона келбесе,
балдарыӊа жакпайсыӊ.
Жетимишке чыкканда
жетелеген аттайсыӊ,
Пенсияӊ болбосо балдарыӊа
жакпайсыӊ.
Сексенге чыксаӊ катыгүн,
Серпилип эшикке чыкпайсыӊ.
Сексен бир жашыӊ курусун,
Кулагыӊ укпай курушуп,
Буту-колуӊ тырышып,
Отту бир көздөй ыктайсыӊ.
Токсонго чыксаӊ катыгүн,
Тоголонуп уктайсыӊ.
Токсон бир жашыӊ курусун,
Күрп болгон тооктой,
Жүдөгөн күчүк өӊдөнүп,
Жүдөгөндөн уктайсыӊ.
 
Жумаш апанын батасы:

Бөдөн, бөдөн, бөдөн бол!
Бөдөнөдөн көздүү бол!
Падышадан сүрдүү бол!
Кеткениӊ келсин,
Кемтигиӊ толсун!
Бак каарысын,
Кыдыр даарысын!
Эмне тилек тилесеӊ,
Кудайым кабыл кылсын!

Төлөбүбү Касымалиева