Домой Коом Ноокат районунда жаңы дайындалган аким Бакыт Мариповго каршы адамдар топтолууда

Ноокат районунда жаңы дайындалган аким Бакыт Мариповго каршы адамдар топтолууда

136

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Ноокат районунда жаңы дайындалган аким Бакыт Мариповго каршы адамдар топтолууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, алар жаңы акимди кабыл албай турганын билдирип, аны кызматтан алууну айтып жатышат.

Буга чейин райондун акими болуп Бакыт Марипов дайындалганы кабарланган болчу.

Бактыбек мырза 32 жашта. 2006-жылы Бишкектеги №70чи мектеп-гимназияны бүткөн. Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин 2010-жылы, 2012-жылы ошол эле окуу жайдын магистатурасын (экономика боюнча), 2013-жылы Ош университинин юридикалык факультетин бүткөн. Эмгек жолун ЖК депутатынын коомдук башталыштагы жардамчысы болуп баштаган. Андан кийин малмекеттик эмес кызматтарда жана Салык полициясында эмгектенген. 2013-жылы Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл өкмтүнүн башчысы болгон. Атасы Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси. Бир тууган агасы Улукбек Марипов 2016-жылдын март айынан бери Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштейт.

булак: turmush.kg