Домой Тагдыр Кочкордо 7 жаштагы кыз каза болуп, хирургга жоон топ ызы-чуу салышты. Окуянын...

Кочкордо 7 жаштагы кыз каза болуп, хирургга жоон топ ызы-чуу салышты. Окуянын чоо-жайы

2842

Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы тургундар кызынын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп жатышат.

Алардын айтымында, 2013-жылы туулган Саида Кубанычбекова 9-ноябрь күнү Кочкор райондук аймактык ооруканасында операция болгон. Тактап айтканда, сокур ичегисине операция жасалган. Бирок 10-ноябрь күнү эртең менен каза болуп калган.

Саида Кубанычбекова каза болгондон кийин анын туугандары экспертизага берүүдөн баш тартып, «эч кимге дообуз жок» деп айтышкан.

«Кызыбыз Саида 6-ноябрь күнү башым ооруп жатат деп айткан. Бирок кайра ойноп басып жүргөн. Эртеси күнү шалдырап, башкача болуп калыптыр. 8-ноябрда ФАПта иштеген аяш апабызга телефон чалсам, ал: «дарыгердин жолдомосу жок Кочкордогу оорукана албайт. Анын үстүнө эс алуу күндөр болуп калды» деп койду. 9-ноябрь күнү эртең менен Кара-Суу айылындагы ҮДТга алып барып, андан ары Кочкордун борборуна тез жардам бөлүмүнө алып бардык. Алар тез эле жандандыруу бөлүмүнө алып киришти. Биз Балыкчыга же Бишкекке алып баралы деп баштасак, «сокур ичеги экен. Орто жерде каласыңар» дегенинен токтоп калдык. Ошону менен кызыбызга тамчылатма дары куюп коюшту.

Хирург Эсен Акматбеков келип, операция кылат дешкенинен күтүп отурдук. Ал келип бир карап коюп жүрө берди. Убакыт созулуп бара жатканда тааныштарыбызга телефон чалдырып баштадык. Саат 14:00гө чукул аймактык оорукананын башкы дарыгери Турат Жумабеков келип, операция залына алып кирип кетишкен. Мага хирург Эсен Акматбеков: «Кызыңдын ичегисинде таш бар экен» деп көтөрүп келип көрсөттү.

Наркоздон ойгоно албай кыйналып, улам «апа» деп сүйлөнүп жаткан. Кечки саат 21:00дө дем алуусу оорлоп бара жатканда «дем алуусу кыйындап жатат» деп айтсам, рентгенге тарттырышкан. Өпкөсү жакшы экен деп айтышты. Кандагы канттын курамын текшерип, 24 болуп кетиптир деп айтышты. Дары алып келгиле деп, ары-бери чуркап дары издеп калдык. Бир медайым дары таап келип, аны сайып, улам текшерип, канттын курамы азайып жатат деп айтып жатышты. Кант диабети деген жок болчу. Таң аткыча колунан кармап, уктабай чыктым. Эртең менен саат 07:00дө медайым келди. Ал көзүн ачып карап көрүп, аппарат сүйрөп келди. «Бала жакшыбы?» десем, абалы оор деп мени сыртка чыгарып жиберди. Андан кийин үй-бүлөбүз менен сүйлөшүп, Бишкекке алып кетели деп баштадык. Мени үйгө барып даярдана деп жиберишти. Мен кеткенден кийин каза болуп калыптыр.

Баланы кыйнабайлы деп экспертизага берген жокпуз. Биздин нааразы болгонубуз хирург Эсен Акматбеков убагында реакция кылбай, операцияны эрте баштабай койду. Балким эрте кыймылдаса, мындай болмок эмеспи деп ойлойм. Биз соттошпойбуз жана баланы экспертизага бербейбиз», — деди ал.

Кочкор райондук аймактык ооруканасынын хирург-дарыгери Эсен Акматбеков төмөнкүлөрдү билдирди.

«Саида Кубанычбекова абалы башкача болуп жатканын билген ата-эне аны 3 күн үйдө кармап жатып алышкан. 9-ноябрь күнү мени ооруканага чакыртышканынан келсем, бейтап жандандыруу бөлүмүндө экен. Абалы начар болчу. «Операцияга даярдагыла. Абалы начар, көтөрө албай калышы мүмкүн» деп тамчылатма дары куйдуруп жатканбыз. Ата-энеси кимге арызданганын билбейм. Аймактык оорукананын башкы дарыгери келип, саат 14:00дө операцияга алып кирдик. Ичиндеги ташын алып чыгып, энесине көрсөткөм. Жандандыруу бөлүмүнө которулган. Канда канттын көрсөткүчү жогору болуп кетиптир. Кычкылтек аппаратына кошулган экен. Эртең менен каза болуп калды деп айтышты. Кайра ооруканага бардым. Эжесимин деген аялдан сурасам, кант диабети менен ооруйбуз деген. Бул ооруну көзүнө карап биле албайсың. Айрымдары ооруканага жатып, анализ тапшырганда гана чыгат.

Эми мени күнөөлөшсө ошону далилдешсин. Баланы экспертизага берип, атайын комиссия түзүлсүн. Эгерде чын эле менден күнөө кетип калса, мыйзам алдында жооп берип, мени атып жиберсе да макулмун. Кыз каза болгондон кийин бир топ бала келип, «кетиребиз, жоготобуз» деп мени сөгүп, ызы-чуу кылып кетишти. Эгерде бул боюнча менин күнөөлүү экенимди далилдей алышпаса, мен да укук коргоочуларга кайрылам», — дейт хирург Эсен Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
www.turmush.kg/