Домой Коом Ала-Бука районунда жайгашкан “Бозумчак” алтын кенинин иши качан жанданаары белгисиз.

Ала-Бука районунда жайгашкан “Бозумчак” алтын кенинин иши качан жанданаары белгисиз.

72

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан “Бозумчак” алтын кенинин иши шайлоодон кийин жанданары болжолдонууда. Бул тууралуу эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, азырынча “Бозумчак” кени качан калыбына келип, иштей турганы тууралуу так маалымат жок. “Азыркыга чейин анын коопсуздугуна кепилдик жок. Мамлекеттик органдар да толук кепилдик бере албайт экендигин айтып жатат. Биз өкмөт менен бирге колдон келишинче жардам берип жатабыз. “Бозумчак” алтын кени жаны жылда, шайлоодон кийин иштеп кетет деген божомолубуз бар”, – дейт ал.

булак: kabar.kg