Домой Ден-соолук Кийимди бөлмөдө кургатуу астманы күчөтөт

Кийимди бөлмөдө кургатуу астманы күчөтөт

121

Sick kid with inhaler in foreground

Шотландиялык Глазго университетинин окумуштуулары кирди үйдө кургатуу боюнча бир нече изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Адистер кир жайылып турган бөлмөлөрдөгү нымдуулук нормадан жогору болгонун аныкташкан. 100 үй-бүлөнүн 80 кожойкеси кыш мезгилинде кийимдерди үйдө кургатканды туура көрүшөт.

 

Кирди кантип туура кургатуу керек?

Жуулган кирди үйдө кургатууда бөлмө ичиндеги нымдуулук 30 пайызга жогорулайт, андай нымдуулук бактерия менен грибоктордун өрчүшүнө мыкты шарттарды түзөт. Астма, аллергия, лихорадка менен  ооруган адамдардын оорусун абдан күчөтүп жибериши толук ыктымал. Андан сырткары өпкөнүн иштешин начарлатат. Себеби, өтө нымдуу абада дем алуу оор болот.  Негизи жуулган нымдуу кийимди эшикте же балкондо кургатуу туура. Же болбосо атайын кургата турган шкафтарды колдонсо болот.

 

Бут тырышкандагы жакшы ыкма

Уктап жатканда бутту чоөюн дегенде көп  эле адамдын буту тырышып, булчуӊдары үзүлүп кете турган учур кездешсе керек. Айрыкча, мындай учур кош бойлууларда көп кездешет. Стресс, организмде магнийдин азайышы, варикоз, үшүп калуу булчуӊдардын тырышышына алып келет. Мындай булчуӊдар көбүнчө түндө уктап жатканда булчуӊдар жазылган маалда кармайт. Андай тырышуу кайра кайталанбашы үчүн витаминдерди, курамында кальций бар быштак, балык сыяктуу тамактарды жеш керек. Чистотелдин ширесине вазелинди аралаштырып сүйкөсө да жакшы жардам берет. Эӊ жакшысы, жатаарда булчуӊдарга күч бере турган көнүгүүлөрдү жасаганыӊыз жакшы.

 

Жөтөлдү жана ооруну басуучу ыкма

Жөтөлгөн учурда ар бир адам үйдөгү каражаттар менен өз алдынча дарыланганга аракет кылат. Эгер жөтөл башталган мезгил болсо үй шартында бат эле айыгууга болот. Суук тийгенде, абдан катуу ооруп жаткан учурда ооруну басаӊдатуу үчүн 50%дык спиртти кебезге сиӊирип туруп киндикке тийгизсеӊиз, оору басаӊдай түшөт. Мындай ыкма ич оорусуна, жөтөлдө, суук тийгенде жана айыз учурундагы ооруга жакшы жардамын берет. Андан сырткары булчуӊдардын оорусуна да жакшы.

Самара Саламатова