Домой Саясат Кипрге эмне иш менен барганын Текебаев неге жашырууда?

Кипрге эмне иш менен барганын Текебаев неге жашырууда?

55

Кипр өлкөсүнө сапар жасап келгенден кийин Текебаевден үн-сөз чыкпай туру. Болбосо, анын бул өлкөгө өтө шашылыш учуп кеткени, жадакалса катчы кызына эскертип койбостон учуп кеткени тууралуу адегенде оппозициялык маанайдагы интернет-сайттардын бири жазып чыккан. Ал маалыматта Текебаев адегенде Москвага учканы, ал жакка конгондон кийин аэропорттон сыртка чыкпастан эле түз эле Кипрге учуп кеткени айтылган. Кипрде Садыр Жапаров уулу менен чогуу тураары да айтылган.

Текебаев

Демек, мына ушундай маалыматтан кийин Текебаев сөзсүз түрдө жообун бериши керек болчу. Бирок, ал Кипрден учуп келгенден кийин ММК өкүлдөрүнүн суроолорунан качып жүрөт. Анча-мынча жакын санаалаштарына гана “Кипрге качкындар боюнча эл аралык конференцияга катышканы баргам” деп айтып атканын угуп калуудабыз.

Мына ушул маалыматтын канчалык чындыкка дал келерин текшерүү үчүн иликтеп көрсөк, ал Кипрде жүргөн 7-8-февраль күндөрү эч кандай качкындар боюнча эл аралык конференция өтпөгөнү маалым болду. Мына ушунун өзү Текебаевдин карандай калп айтып атканын, жадакалса окшоштура да албаганын тастыктап турат.

Биз “Ата-Мекен” фракциясынын катчылыгына телефон чалып, Кипр сапары тууралуу маалымат алуу тилегибиз да жүзөгө ашкан жок. Тактап айтсак, аталган фракциянын катчылыгы бул боюнча эч кандай расмий маалымат бере албай тургандыктарын айтышты.

Дагы бир кызык жагдай бар, негизи Жогорку Кеңештин депутаттары чет мамлекеттерге иш сапары менен чыкканда Төрагадан кызматтык сапарга (командировка) чыгып атканы тууралуу документ алуулары керек. Текебаевге андай документ да берилген эмес.

Ошондо Текебаев Кипрге эмнеге барды эле деген суроонун жообу жок боюнча калууда. Эл аралык конференцияга катышкан экен дейли десек, андай деле конференция өтпөптүр. Бир гана биз билген маалыматты жокко чыгаруу кыйын – Садыр Жапаровго жолугуу тууралуу маалымат. Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун бир уулу Кипрде жашай турганы, аны менен чогуу Садыр мырза да жашаары белгилүү. Андан сырткары Текебаев буга чейин Москвага жасаган сапарында Садыр мырза менен жолугушуп келгени тууралуу да маалымат чыккан. Ошондон кийин эле Текебаевди сындап гана келген “Жаңы Ордо” гезити анын эки бет толгон маегин жарыялаган эле. Ал эми аталган гезитти Бакиевдер каржылай турганы жамы журтка белгилүү. Мына ушундай сырдуу “жүрүштөрдүн” аягы барып Кипрге такалып, ал жактан келгенден бери Текебаев балыкка айланып отурат. Кыязы, эмне деп актансам экен деп ойлонуп туру окшойт.