Жыл сайын дүйнө элдеринин келечекке болгон ишенимин, ар кайсы өлкөлөрдөгү калктын өз мекени тууралуу ойлорун иликтеген IPSOS компаниясы 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Алар элдин өз мамлекетинин алган багыты тууралуу пикирине да кызыгып, көп жылдан бери иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарып келет. IPSOS компаниясынын 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын эли акыркы жылдары өлкө туура багытта баратканына ынанып, жашоосуна канааттануусу өскөн. Тактап айтканда, көпчүлүк жарандар “мамлекет туура жолго түштү” деп жооп берген.
Маселен, 2012-жылы өлкө жарандарынын 47 пайызы Кыргызстан туура жол менен баратат деп эсептесе, бул көрсөткүч 2016-жылда 69 пайызга жеткен. Ал эми мамлекеттин алган багыты тууралуу терс пикирдегилердин калктын 39 пайызынан 25 пайызга чейин кыскарган. Демек, күн санап өлкөнүн кең келечегине жарандар арасында ишеним жогорай баштаган.
IPSOS компаниясы жүргүзгөн иликтөөсүнө өткөн жылы кыргызстандыктардын 25 пайызы мамлекеттин келечегине ишенбей турганын айтып берген. Ал эми 10 пайызы тек гана “эч нерсе деп жооп бере албаймын” деген пикирин билдирген.
Дал ушул уюмдун сурамжылоосу көрсөткөндөй кытайлыктардын 90 пайызы расмий Бейжин туура саясат жүргүзүп, мамлекетти туура багытка салганын айтып жооп берген. Сауд Аравия менен Индиянын калкы да оптимисттик маанайда экени аныкталган. Мына ушул 3 мамлекеттен кийинки тептичте эле Кыргызстан турат. АКШнын тургундарынын 35 пайызы мамлекет туура багытта баратат деп эсептесе, Россияда бул көрсөткүч 58 пайызды түзгөн. Мексиканын тургундарынын көпчүлүгү болсо өз мекенинин келечегине ишенбей, бүдөмүк ойлордо жүргөнүн айтып берген.
IPSOS компаниясы жүргүзгөн иликтөөсү дүйнөдө абдан маанилүү документ катары сыпатталат. Бул уюмдун иликтөөлөрү реалдуулукка жакын экенин эске алганда Кыргызстан туура жолдо баратканына ынынсак болот. Анын үстүнө биздин мамлекетте акыркы жылдары адам укуктары, ишкерлердин эркиндиги биринчи орунга чыгып, мамлекеттик саясат туура багытка түштү.
Уюмдун 2016-жылдагы иликтөөсүн талдоого алып көрөлү. Бул жылы Кыргызстан элинин 69 пайызы өлкө туура жолдо баратканына терең ишенерин билдирсе, 25 пайыз калк келечекке бүдөмүк караган. Ал эми 10 пайызы “билбеймин” деп жооп берген. Башка мамлекеттердин көрсөткүчүн карап көрөлү. Иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, кытайлыктар келечекке оптимистик маанай менен карайт экен. Бул мамлекеттин калкынын 90 пайзы Кытай туура жолдо баратканына ынанат. Сауд Аравия менен Индиянын калкы да оптимисттик маанайда. Кыргызстан өз көрсөткүчү менен төртүнчү сапка чыгып, АКШ, Россияны артка таштаптыр.
Кыргызстанда 2010-жылдан кийин парламенттик система орноп, өлкө демократияга багыт алды. Таза шайлоолор камсыз болуп, элдин келечекке болгон ишеними зор. Эми бул багыттан тайбай, алдыга карай бет ала беришибиз керек.