Домой Ден-соолук Ашказан жарасы эмнеден пайда болот?

Ашказан жарасы эмнеден пайда болот?

11762

Акыркы учурларда ичеги-карын жана ашказан оорулары жаш балдардын арасында да көп кезигүүдө. Анын келип чыгуу себептери жана аны дарылоо туурасында бул маалыматты берүүнү туура көрдүм.

ашказаны ооруган кызАшказанда жаранын пайда болушун ар кайсы бактериялар шарттайт. Медиктердин тилинде, алар хеликобактер деп айтылат. Алар ашказандагы, он эки эли ичегидеги жаранын пайда болушунун себепкери болушат. Аталган бактерия организмге булганган суу, тамак аркылуу кириши мүмкүн. Алгач гастритти, кийин ашказан же он эки эли ичегинин жарасын пайда кылат. Бактерия адамдан адамга кол, шилекей, идиш-аяк, өбүшүү аркылуу жугат. Бактерия ашказанга кирген соң ал жерди байырлап, көбөйүп, ашказандагы 3 катар чел кабыкты «жеп», ууландырат. Мындай учурда туз кислотасынын ашказандын бетине түз тийүүсүнө жол ачылып, экөөнүн айынан ашказандын жарасы келип чыгат. Тез-тезден эле капаланып кайгыруулар нерв системасынын иштөөсүн бузуп, туз кислотасынын көп бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Мындай адат өнөкөткө айланса, анда жаранын келип чыгышы турган кеп. Өзгөчө ач карын кезде кайгылануу жаман. Анткени тамак жок кезде ашказандын чел кабыгы ачык болот да, көп бөлүнүп чыгып жаткан туз кислотасы чел кабыкты дүүлүктүрүп, акырындап жаранын пайда болушун шарттайт. Социалдык абалынын начардыгынан улам көчөдөн гамбургер, фасфуд менен туура эмес тамактанышат. Айрыкча жаштар эртели — кеч ачка жүрө берип ашказанды жабыркатышат. Ашказанда көп кычкыл пайда болгондо мисалы, арак, шарап ж.б. ичимдиктерди, газдалган сууларды, суусундуктарды ичкенде кычкылдар көбөйөт.

 

Стресс, чылым ашказан жарасын пайда кылат

Адам дайыма стрессте жүрсө,  чар-жайыт тамактанса, тамеки тартса, спирт ичимдиктерин аша чаап пайдалануу, дары-дармектин кандай түрү болбосун ашказан жарасын дароо болбосо да акырындык менен пайда кылат. Тамак-аштан өтө туздуу, ачуу азыктардан абайлоо керек. Өтө муздак же газдалган суусундук да ашказанга сокку болот.

 

Ашказанда жара болсо зарна кылат

Эгер тамак ичкенден бир аздан кийин эле ашказан оорута баштаса, анда ашказанда жара бар деген белги. Ашказанда жара жаӊыдан пайда болуп келе жатканда адатта тамактан кийин 1-2 сааттан кийин оорутат. Ашказанда жара болсо курсак ача баштаганда ашказан ачышып, түн ортосунда да оорутуп, зарнаа кылат. Эгер адам өзүнөн ушундай белгилерди байкаса, анда сөзсүз түрдө доктурга көрүнүшү керек. Ашказан жарасы өнөкөт болуп өтүшүп кетсе ракка айланат.

 

Ашказанында жарасы барларга оор жумуш кылууга болбойт

Ашказан жарасынын алгачкы баскычтарында тамакты ылгап жеп, диета кармоо зарыл. Жогоруда айткандай туздуу, ачуу, кычкыл тамактарды колдонбогонуңуз оң. Оор жумуш кылганга болбойт. Алгач ашказан жарасын дары-дармектердин жардамы менен жоюуга болот. Пилори бактериясын түп-орду менен жок кылууга атайын антибиотиктер берилет. Дарылар ашказандын кычкылданып, оозго ачуу даам келгенин токтотуп, чел кабыкты туздан коргогонго жардам берет. Оору мертинен тайганда физотерапия же баткактын жардамы менен дарылоону сунушташат. Эң кооптуу учур, жараны убагында дары-дармек болобу же операция жолу менен алып салбаса өрчүшүп отуруп рак оорусуна алып келиши мүмкүн.