Домой Ден-соолук Стресс акыл-эстин начарлашына өбөлгө

Стресс акыл-эстин начарлашына өбөлгө

109

стресс

Американын Огайо университетинин окумуштуулары чычкандарга жасалган эксперимент аркылуу узакка созулган көңүл чөгүү акыл-эстин начарлашына таасир тийгизерин аныкташты. Изилдөөнүн жетекчиси Жонатан Годбу кемирүүчүлөрдү адегенде чыга турган жай издөөгө мажбурлоочу туңгуюк жайга камашканын айтат. Алардын баары бул тапшырманы оңой эле аткарышкан. Андан кийин аларга көлөмү жагынан чоң жана агрессивдүү кемирүүчүнү кошуп коюшкан. Андан корккон чычкандар мурун оңой эле таап жүргөн жолдорун унутуп, дүрбөлөңгө түшүп калышкан.