Домой Технологиялар Жакынкы келечекте протездин ордуна өз тишиң болот

Жакынкы келечекте протездин ордуна өз тишиң болот

64

Голливуд жылмайуусу

Токионун медициналык-стоматология­лык университети менен физика-химиялык изилдөөлөр институту биргелешип тиштин бир эле тамырынан бир нече тиш өстүрүп чыгышты. Изилдөө ишинде чычкандарды пайдаланышкан окумуштуулар эки жуманын ичинде тиш түйүлдүгүн өстүрүп чыгышкан. Андан соң алар ипичке нейлон жибинин жардамы менен тиш түйүлдүгүн экиге бөлүп, аны өстүрүүнү улантышкан. Ошентип бир тиштен эки тиш жаралган. Жакынкы келечекте бул жаңылык адамдар үчүн кызмат кыла баштаарынан шек жок.